Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасы 2 күнгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-апрелден 5-апрелге чейин Кытай маркумдарды эскерүүчү Цинмин майрамын белгилейт. Мындан улам чек арадагы «Торугарт -автожол» жана «Эркечтам автожол» өткөрүү бекеттери жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабык болот.
Транспорт унааларын жана жүктөрдү өткөрүү 6-апрелде жанданат.
Эскерте кетсек, бул эки бекет аркылуу Кытай Кыргызстанга товар киргизип турат.