Түшүндүрүү иштери жакшы жүргүзүлбөгөндүктөн Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу 20 жылдан бери ишке ашпай келген. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде айтты.
Журналист «аталган долбоордун башталбай жатканына Россия тараптын каршылыгы себеп болуп жатабы?» деген суроо берди.
«Буга чейин эч ким Россия тарапка бул жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүндүрө алган эмес. Кечээ жакында ЖККУнун саммитине барганда Владимир Владимирович менен жарым саат ушул темада сүйлөштүм. Акырында ал киши бул темир жол бизге керек экендигин түшүндү. Кудай буюрса, быйыл долбоору бүтсө эмдиги жылы баштайбыз», — деди Жапаров.
Ошондой эле ал долбоор үч тараптын катышуусу менен даярдалып жатканын кошумчалады.
«Бул жол салынса биз «туңгуюк» мамлекеттен чыгып, транзиттик мамлекетке айланабыз. Жумуш орундары болот. Экономикабыз дүркүрөп өсөт. Кечээ эле тышкы карыздарыбызды кантип жабабыз деп жаткан санаабыздан арыла турган Кумтөрдөн кийинки дагы бир финансылык булагыбыз пайда болот», — деди президент.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу — келечектүү долбоор. Ал тынымсыз өнүгүп жаткан Кытай менен Азияны, андан ары Европаны байланыштырат деп күтүлүүдө.