Домой Азил Аткаминерлер дайым калп айтышат

Аткаминерлер дайым калп айтышат

12

темир жол

Бир ирет  темир жолдо ири кырсык болуп, абдан көп аткаминерлер бараткан атайын состав рельстен чыгып кетти. Жетип келген куткаруучулар жергиликтүү тургундар депутаттардын баарын жерге берип салганын көрүштү.
– Эмне, ушунча аткаминерлер, депутаттар, министрлердин баары каза болуштубу? – деп ишенбей сурашат.
Анда куткаруучуларга көптү көргөн аксакал мындай дептир:
– Ооба. Чынын айтсак, алардын кээ бирлери бизди өздөрү тирүү экендигине ынандырмакчы болушту. Бирок, саясатчыларды силер да билесиңер да, алар ар дайым калп айтышат.