Домой Коом Кыргызстандын үч аэропорту эл аралык сынакта жеңүүчү болду

Кыргызстандын үч аэропорту эл аралык сынакта жеңүүчү болду

22
Кыргызстандын үч аэропорту «КМШ өлкөлөрүндөгү жылдын мыкты аэропорту» сынагында жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсынын маалымат кызматы кабарлады.
Номинациялар:

Жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү жылына 1 миллиондон ашкан аэропорттордун ичинен «Динамикалуу өнүккөн аэропорт» номинациясын «Манас» эл аралык аэропорту жеңип алды;

«Аэропортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы» номинациясында «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропорттору мыкты аталды.

Жыл сайын өтүүчү сынак КМШга мүчө-мамлекеттердин аэропортторун ички жана эл аралык рыноктордо ийгиликтүү иш алып баруусун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырат. Ошондой эле алардын жетишкендиктерин жайылтуу, жүргүнчүлөрдү тейлөө деңгээлин жогорулатуу, учуу коопсуздугун камсыз кылуу жана авиация мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу максатында Жарандык авиациянын «Аэропорт» ассоциациясы тарабынан уюштурулат.
Аталган ассоциация 1990-жылы негизделген. Ассоциациянын ишинин максаты болуп аэропорт комплекстеринин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү саналат.