Домой Коом 13-май өлкө аймагында эс алуу күнү деп жарыяланды

13-май өлкө аймагында эс алуу күнү деп жарыяланды

19

Кыргызстанда 13-майда — бейшемби күнү Орозо айт белгиленет. Бул күн өлкө аймагында эс алуу күнү деп жарыялана турганын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Буга чейин Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы бул жылы Орозо айт 13-майга туш келе турганын билдирип, бирок күндүн жаңырышына байланыштуу 1 күнгө жылышы мүмкүн экени эскертилген.