Домой Аналитика Баткенге “Ихлас” курулуш компаниясы үй куруп баштады

Баткенге “Ихлас” курулуш компаниясы үй куруп баштады

15

Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты:

“Эр жигит куру сөз айпайт, айтса сөзүнөн кайтпайт! Баткендеги үйлөрдүн куруу иштерин баштадык…
Эсиниздерде болсо, бир жума мурун 20 үй куруп берүүнү убада кылдык эле. Мына ошол үйлөрдүн курулуш ишин бүгүн, алгач каргашалуу окуядан каза тапкандарга куран окуп, аксакалдардын ак батасы менен куруу ишин баштадык.
Турак үйлөрдү н капсула салуу аземине президенттин жана өкмөттүн Баткен областындагы өкүлдөрү жана «Каганат Инвест» холдингинин ( “Ихлас” курулуш компаниясынын) негиздөөчүсү Осмонов Нурбек Жапаровичтин катуушуусунда болуп өттү.
Башкы план боюнча, уйлордун баары бир жерде ( Чет -Булак айылына ) жана бир түрдүү курулмакчы. Кудай буйруса, 2 айда курулуш иши бүтүп, жеринен ачкычтарын тапшырабыз деген ниеттебиз”-дейт ал.