Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө боюнча 2021-жылга карата битир-садаканын баасын бекитти.
Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2021-жылы ар бир адамдан битир-садаканын өлчөмү — 1 килограмм 600 грамм буудай (40 сом), 1 килограмм 600 грамм мейиз (640 сом), 1 килограмм 600 грамм ун (56 сом), 3 килограмм 200 грамм арпа (64 сом), 3 килограмм 200 грамм курма (512 сом).
Битир-садаканы берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Бул азык-түлүктөрдүн баалары туруктуу эмес, алардын салмагына көңүл буруу керек. Битир-садаканы бул азыктардын баасындай акчалай нарк менен берсе болот.
Белгилей кетсек, быйылкы Орозо айы 13-апрелде башталары маалым болду.