Бүгүн, 7-октябрда ички иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Курсан Асанов милиция кызматкерлеринин толук курамы менен жолугушту. Жолугушуу эски аянттагы өкмөт үйүнүн алдында орун алды.
Анда Курсан Асанов учурдагы абал тууралуу кыскача айтып, милиция кызматкерлери эл менен чогуу иштеши керектигин билдирди. Ал Бишкекте жана аймактардагы коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтты.
«Түндө элдик кошуундар менен биргеликте милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту көзөмөлдөштү. Талап-тоноо катталган жок, талкалоолор болду», — дейт.
Ал эми журналисттердин министр Кашкар Жунушалиевдин «кайда» деген суроосуна ал тууралуу маалыматы жок экенин, билбей турганын айтты. Ошондой эле ал бардык аймактардагы ички иштер башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилери алмашпай турганын, милиция мурдагы калыбында коомдук коопсуздукту, тартипти сактап иштөөнү улантарын белгидеди.