Домой Саясат Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков кызматтан кетти

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков кызматтан кетти

192

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков ээлеген кызматынан бошотулду. Ал өз каалоосу менен рапорт бергенин бүгүн, 11-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, С.Өмүрзаков 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкер болуп катышат.