Домой Аналитика Кумтөрдө 100 пайыз кыргызстандыктар эмгектенүүдө

Кумтөрдө 100 пайыз кыргызстандыктар эмгектенүүдө

186

Кыргыз өкмөтү Кумтөрдүн азыркы абалы менен жакындан тааныштыруу, ал жактагы чындыкты элге туура жеткирүү максатында Кумтөрдүн ишин иликтеп жаткан комиссия менен биргеликте «Кумтөр голд компани» журналисттерди кошо алып барды. Учурда «Кумтөр голд компани» өндүрүш боюнча директордун милдетин аткарып жаткан Нурдин Усенов журналисттердин берген суроолоруна жооп берип жатып, 15-майда мөӊгүнүн коопсуздугуна жана алардын жылып турганына көз салчу система өчүп калган эле, эми ал системалар калыбына келтирилгенин кошумчалап кетти.

Буга чейин Кумтөрдө жалпысынан 3500 кызматкер эмгектенсе, алардын 98,5%ын кыргызстандыктар түзүп келген. Учурда жетекчилик баш болгон, бир катар бөлүмдөрдүн башчылары, катардагы кызматкерлери болуп онго чукул чет элдик кызматкерлер өлкөдөн чыгып кетишкенине байланыштуу азыр бардык кызматтарда Кыргызстандын жарандары иштеп жатат.

Ал эми Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова стратегиялык макулдашуу “Кумтөр Голд” кен каза баштагандан бери табиятка келтирген экологиялык зыяндарына көз жумуп, экологиялык апаатка алып келген абалга өбөлгө түзгөнүн айтат:
“2012-жылы эле “Кумтөр Голд Компанинин” мөңгүлөрдүн үстүнө топурак калдыктарын төккөн иш-аракеттери аныкталып, аларга эскертүү берилип, абалды оңдоого мөөнөт берилген. Андан бери компания эч кандай чара көрбөй эле, мөңгүлөрдүн үстүнө таштандыларды төгүп, талкалоо иштери уланган. Талаптар аткарылган эмес. Таштандыларды каалагандай таштап, көп жылдык муздар топурак калдыктары менен кошо аралаштырылып, жайгаштырыла берген. Кээ бир муз массасы бар таштандылардын бийиктиги 120 метрге чейин жеткен. Мындай абалда турган калдыктар абдан кооптуу. Анткени, алар улам ылдыйды көздөп, жылып турат. Алардын суу тосмосун жырып кетүү жана жумушчулар иштеген кен тилкелерин басып калуу тобокелчилиги жогору. 25 жылдан бери 2 млрд. 300 тоннадан ашуун топурак калдыктары топтолуп калган. Бул абдан чоң көлөм. Анын коопсуздугун ойлоп, алдын алуу чаралары жүргөн эмес. Муз аралашкан калдыктар ордунан чукулунан жылып кетсе, экологиялык апаатка алып келе тургандай кырдаал түзүлсө ким жооптуу болот?”.Кен-байлыктарыбызды өзүбүз иштетели учур келди.