Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Бишкектеги баннерлерин бирине Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун сүрөтүн пайдаланган. Мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкерлердин үгүт ишине катышуусуна тыюу салынат. Бул боюнча К.Боронов атайын тараткан билдирүүсүндѳ эч бир талапкер андан сүрөтүн пайдалануу боюнча уруксат сурабаганын шардана кылды. “Мен аскер адамы, мамлекеттик кызматта жетекчи катары үгүт иштерине катыша албайм. Мага сүрөтүмдү жарыялоо боюнча эч бир талапкер же анын өкүлү кайрылган эмес. Эгер кайрылган күндө деле мен ага уруксат бербейм”, — дейт ал.
Буга чейин БШК Бабановдун дал ушул баннери боюнча маселени карап, аны алып салуу тууралуу чечим кабыл алган.
Бабановдун шайлоо учурундагы мыйзам бузуулары ашып кетти. Буга чейин акча таратканын тастыктаган тасмалары чыкса, казак президенти менен жолугуп мыйзамды бузган. Ал эми Ош облусундагы Он-Адыр айылындагы чагымчыл сөзү болсо тиешелүү органдар тарабынан баа берилбей турат. Мыйзамды аша чаап, эч кимди көзүнө илбей калган Бабановго чара көрүү керек.