Өлкөбүз өз алдынча мамлекет болуп, көз карандысыздыкка жетишкенден кийинки алгачкы эки президент – А. Акаев менен К. Бакиевден элибизге, келечек муунга эмне мурас калды эле? Ү clomid online no prescription uk. й-бүлөлүк, кландык башкаруу, саясый куугунтук, рейдерлик басып алуулар жана кандуу режим аттуу гана түшүнүктөр. Азыркы тапта Акаев менен Бакиевдин аты аталганда биз ушуларды гана эстей алабыз, андан башка олуттуу эстей турган эч нерселери жок.
Ал эми учурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев дал ошол үй-бүлөлүк, кландык, авторитардык башкарууну түп-орду менен жок кылган, мурдагы бийликтердин тушунда тамырлап кеткен коррупцияга каршы айоосуз күрөш ачкан, бул күрөштө өзүнүн жакындарын да, санаалаштарын да коргоого албаган эрктүүлүгү менен үлгү көрсөтүп келет. Ошону менен катар эле ал мындан бир нече ай мурун «Мен өзүм менен кошо эски саясатчылардын бир тобун ала кетем» деп айткан болчу. Бул дагы курулай сөз эмес экенин реалдуулукта көрүп атабыз.
Президент Алмазбек Атамбаев: «Сиз жетектеген кабинет мен президент болгон мезгилдеги эң жакшы өкмөт болду» деген жогорку баасын берген Сооронбай Жээнбеков башында турган өкмөт кече жакында эле отставкага кеткени белгилүү. Буга С. Жээнбековдун алдыда боло турган президенттик шайлоого талапкер катары катышып жатканы себеп болду. Албетте, ал премьер-министрлик кызматын өткөрүп бербей туруп деле шайлоого катыша берсе болмок. Бирок, Сооронбай Шарипович башка бардык талапкерлер менен бирдей шартта шайлоого катышууну туура көрдү. Демек, бул кадам – мурдагы бийликтегилердин учурундагыдай административдик ресурс колдонулбайт дегенди да түшүндүрөт.
Ошентип жаңы өкмөттү куроо муктаждыгы пайда болуп, 25-августта Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Сапар Исаков башында турган жаңы өкмөттүн курамын бекитти. Парламент отурумунда жаңы өкмөт башчынын программасы тааныштырылды, суроо-жооптор берилди, талкууланды. Натыйжада оппозициялык фракциялардагы 5 гана депутат каршы добуш берип, жалпысынан 97 депутат Сапар Исаковдун командасын колдоого алды.
Кыргызда жакшы сөз бар: «Жаш келсе ишке, кары келсе ашка» деген. Анын сыңары жаңыдан гана өкмөт башчылыгына дайындалган Сапар Исаков болгону 40 жашта. Ал эми анын командасындагы биринчи-вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов 41 жашта, чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 38, Юстиция министри Уран Ахметов 37, Экономика министри Артем Новиков 30, УКМК башчысы Абдил Сегизбаев 44 жашта. Мына ушунун өзү өкмөттүн курамы жашарганынын ачык мисалы.
Албетте, ал жаш курагы боюнча гана жашарбастан идеясы, программасы менен жашарып, жаңы бийиктиктерди багындырууга, ийгиликтерге жетүүгө үндөп турганын айтууга болот. Маселен, жаңы шайланган өкмөт башчы Сапар Исаковдун программасында «Элдик экономика бакубаттыгы», «Калктын социалдык бакубаттыгы» жана «Коопсуздук» аттуу үч негизги багыт бар. Ал эми ал багыттар өзүнө тогуз улуттук реформа жана улуттук өнүктүрүү программаларын камтыйт.
Жаштар басымдуулук кылган жаңы өкмөттүн курамы карапайым элдин да купулуна толду. Эми эл өкүлдөрү жана элибиз берген ишенимди Сапар Исаков башында турган өкмөт актай турганына ишеним чоң.
Баса, ушул жерден дагы бир кошумчалай кете турган жагдай – КР президентинин аппарат жетекчилигине 36 жаштагы Алмаз Үсөнов дайындалды. Ал 2012-жылдан бери карай Президенттик аппараттын маалымат-саясат бөлүмүн жетектеп келген.
Айтор, президент Алмазбек Атамбаев калың элдин алдында берген өзүнүн убадаларынын өтөөсүнө чыга алды. Коррупция менен күрөшөм деди, ал күрөштү жүргүзүдү. «Манас» аэропортунан АКШ базасын чыгарам деди, чыгарды. Шайлоолорду таза өткөрүүгө жетишебиз деди, ага да жетиштик. Кыргыз элитасын жашартууну убада кылды, мына ошол убадасын да минтип жүзөгө ашырууда. Демек, бизге А. Атамбаевдин убадага бекем туруу мурасы калып атат. Ошону менен катар эле акыйкат, адилет, таза коомду түптөп, аны татыктуу улантып кетүүгө шарт түзүп берди.