Башкы прокуратура коррупциялык аракеттери далилденип 8 жылга кесилген «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ушул эле партиянын дагы бир мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновго чыккан сот өкүмүнө нааразы болуп Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Башкы прокуратуранын мындай кадамына Текебаев менен Чотоновдун жеңил жаза алып калганы себеп болгон.
Маалыматтарга караганда бул соттук отурум 5-сентябрга белгиленген. Анда 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу эки саясатчыны 8 жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошогондон кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүмү каралат.
can serophene b bought over the counter. Башкы прокуратуранын мындай кадамы абдан туура. Анткени, 1 млн. доллар пара алган Текебаев менен Чотоновго жеңил гана жаза берилген. Тоок уурдаган адамдар 5 жылга чейин соттолуп жатканда жогорудагы эки саясатчыга бери дегенде 15 жыл берилиши керек болчу. Эми Бишкек шаардык соту ишти акыйкат карашы керек. Элдин ишенимине кирип, мамлекеттин мүлкүн жең ичинен сатууга аракет кылып, аны менен ири өлчөмдөгү пара алган адамдар катаал жазага тартылышы зарыл. Ошондо гана бул окуя башка саясатчыларга сабак болуп, коруупцияга каршы күрөш аз да болсо жыйынтыгын берген болот. Мамлекет өнүксүн, эл турмушу жакшырсын десек мындай саясатчыларды аябашыбыз керек.