Домой Аналитика Кара курсакты айбан да толтурат. Дил көйгөйүнчү?! Кадам ушул…

Кара курсакты айбан да толтурат. Дил көйгөйүнчү?! Кадам ушул…

96

коррупция, карикатура

Азыр биздин мамлекетти экономикалык кризис басып турганы менен кара курсак менен көроокат тарабындагы абал анчалык деле жаман эмес. Эркиндик алдык деп кудуңдаган алгачкы жылдары айыл-ападагылардын талкан-улпак чалып чай ичкени, жарымы чирик картошкага күнү түшкөнү, эт менен канттын даамын унутканы, балдарынын бутунда жок мектепке барбай калганы, көз ирмемде кыргызың экиге – бай-кедейге бөлүнүп, биринчиси чучукка тайгаланып, экинчиси тамакка жетпей көтөн чучугун «желе басканы», ж.б. бечара көрүнүш жок. Эми эркиндик алдык деген жылдары ишмалдасы чыккан экономикабыз там-туң басып турган кези: мыкты жолдор салынып жатат, заводдор курулуп жатат, мектептер салынып жатат, чакан ишканалар күн санап пайда болуп жатат, Бишкек жылуулук электростанциясы кытай каражаты менен реконструкцияланууда, казактар менен өзбектерге күнүбүз түшпөй, «Датка-Кемин» электр тармагы курулду, Ысык-Көлүбүздү дүйнө эли таанып эс алуучулар батпай турат, жедирсек да алтын кендери иштеп жатат, Евробиримдикке мүчө болуп эми биздин товарлар 180 миллиондон ашык калкы бар мамлекеттерге жеткени турат, демек, экспортубуз импортту басканы турат… минтип санап кылдырай берсек, жакшылыктын дагынкысы дагы табылат…

Жогоруда саналгандар жакшы. Бирок, жанында олчойгон «жаман» дегени турганы коркунучтуу болуп жатпайбы. Ошол «жаманынан» айтып санап туралы анда.

Жолдорду, заводдорду ким салып жатат? Баарыбыз билебиз, аларды салган кытайлар, каржылаган да ошолор, карызга. Ал карызды берер күнү келгенде терибиз тескери сыйрылат дейсиң! Териси сыйрылгандын андан аркы тагдыры белгилүү го… Анан ошол курулуштарга бөлүнгөн акчадан канча миллиону ар кимдин чөнтөгүнө түшүп жатканын кайда жашыра алмакпыз. Адаттагыдай эле бапке көтөрүп, «шапке» алган абийирсиздердин чөнтөгүнө түшөт да. Биз карызды төлөй албай терибиз сыйрылып турган кезде, алардын териси бегемоттукунан да калың тартып, кыш чилдеде денесинен буу чыгып турат эмеспи, арам тамактан топтолгон энергиясы кайнап!

Кытай демекчи, бу улут акыры биздин чакан мамлекеттүү кыргыздарды өзүнө сиңирип коёру күн өткөн сайын дааналанып барат. Азыр атайын улуксаты бар кытайлар менен кошо эле легалсыз кирип алган кытайлардын саны аябай көп, алардын канча экенин даана билген жан жок. Алар акчанын туткунунда калган кыргыз чиновниктеринин аркасы менен биздин жерде калып иштеп жатат. Билгендер айтыбатпайбы, кытайлыктардын ичинде Кыргызстанга келип түбөлүк жашагысы келгендер аябай көп дейт. Анткени, кыргыз эли кеңпейил, меймандос, башка улутка зыяны жок, экинчиден, биздин жаратылыш сонун, калкынын санына жараша жери кенен, үчүнчүдөн, кытайлар жечү курт-кумурсканын баары кенен. Анан да колунда барына карап кай улуттун өкүлү болсо да тийе берчү кыргыздын акылсыз кыздары толтура экен. Биздин эл кээси менен өңгө улутту ашкере сыйлаган бир «ит оорусу» бар эмепи. Мына ошону айныгыс билген кытайлар биздин жерде «эшек фермаларын» ачып, кээ бир адамдарыбызга эшек сойдуруп, аларды эшекке айландырып жатпайбы. Карачы көпкөндөрүн. Эшек деген мусулман баласы үчүн арам болуп эсептелет! Анан ошону билип туруп биздин салтка, намыска түкүрүп салганын карабайсыңбы! Ноокаттыктар кытайлыктардын «эшек фермасын» кууп салса, кара-суулуктар тосуп алыптыр го! Бу не деген наадандык?!

Мамлекеттик каттоо кызматынын элди каттоо жана атуулдук акттарды көзөмөлдөө департаментинин мурунку башчысы Дүйшөн Сатыбалдиев деген неме аталган департаментти башкарып турганда миңге чукул кытайлык мыйзамсыз эле кыргыз жеринде жашоого улуксат алган экен. Сатыбалдиев дегениң паспорт бланкын жасатуу боюнча алдамчылык кылып жиберип, мамлекетти 2,5 млн. сомго зыян тарттыргандан кийин прокуратура кылмыш ишин козгосо, ал шүмшүк качып кеткен. Эми колго түшүп шүмүрөйүп олтурат. Кылганына жараша жаза алабы же акчанын арты менен бошонуп кетеби, ал дагы белгисиз. Бизде тоюп алып кутулуп кеткендер толуп жатпайбы. Ага классикалык мисал: адам түшүнө кирбеген дүнүйөнү эл эсебинен топтоп, «жылаңач» айлыгына сатып алгам деп Келдибеков деле кутулуп жатпайбы! А турсун, уялбай-этпей эле «мага саясий заказ» болуп жатат деп бетин тултуйтуп турат го! Башканы айтып не?!

Кийинки жылдары мектептер көп салынып жатат. Мына ошол салынган мектептердин көбүнөн, а балким, дээрлик көбүнөн акча үнөмдөлөт да дале болсо айбандардын чөнтөгүнөн орун алат. Ошону менен эле мектеп маселеси бүтүп калса кана, чубалып турар азабы бар: мектептердин көбү сапатсыз курулуп, бат эле оңдоп-түздөөнү талап кылат. Ошол мектепте иштеген мугалимдердин азабын колуна берет. Анан кайран деректириңе кудай берип салбайбы, ата-энелерден акча чогултканга өтөт, мектеп үчүн, балдардын билими үчүн «катуу кам көрүп» жатпайбы.Чогулган акчанын бир бөлүгү мугалимдерди, балдарды тазалыкка үндөгөн деректирдин чөнтөгүнө түшөт. Мурун мектеп мугалимдери таптаза иштечү эмес беле. Эми болсо тегиз эле суксуңдап калышкан. «Ага, буга» дебатып ата-энелердин канын соргон да мугалимдер болуп жатат. Кандай болсо да алардын иши аябагандай оор. Нечен бир жинди балдарды окутат, кээ балдардын ата-энеси балдарынан өткөн жинди болот, алардан тил угат. Мугалимдердин алган айлыгы эч нерсеге жетпей, айылдагы чала сабат, мээси көңдөй байлардын алдында кор болуп турат. Ушундай коркунучтуу чалмакей!

Жогорку окуу жайлардын го маселеси небак бүткөн. Накта билим берген, таза билим берген, парасыз билим берген бир дагы жогорку окуу жайы жок. Бекеринен Билим берүү жана илим министрлиги коррупциялык иштери боюнча алдыңкы орунда турат деген сыпаттаманы алган жок да. Министр мырзагүл Элвира Сариева деле эч нерсе болбогонсуп, ачыбаган камырдай болуп дымыйат да турат. Ал башкарган тармак небак эле быкшып, сасып бүткөн. Андыктан бул министрдин ордуна башка бир тажрыйбалуу, демдүү, педагогикалык жагдайда түшүнүгү терең, тажрыйбасы кенен адам келип накта реформа жүргүзбөсө болбос!

Коррупцияга малынгандардын экинчи орунун Саламаттыкты сактоо министрлиги ээлептир. Эми бу тармактын формасы болгону менен мазмуну небак өлгөн да. Медициналык академияда коррупцияны Зурдинов деген неме аябай гүлдөтүп жатат дегендер арбын. Бу тириликте бекер жерден кеп чыкпайт. Кептин кенедей болсо да өзөгү болот. Мына, кечээ жакында эле ошол Зурдинов дагы бир жерден мыйзамсыз жарым айлык алып иштейт экен, бирок, жумушка барбайт экен дегенди прокуратура айтып чыкпадыбы… Эмне, Зурдинов акчадан өлүп бараткан немеби?! Андай болсо, аны аман алып калалы, жалпылап чогултуп бербейлиби, беш-он тыйындан кылып… Баса, бирөөлөр 13 университетти изилдесе, экзамен менен зачётко акча төлөп баа койдуруу жагынан Медициналык академия биринчи орунду алыптыр. Орунуңуз кут болсун, «урматтуу» Зурдинов!

Азыр медициналык билимди терең өздөштүрбөй эле окууну акча менен бүтүп, баш оору менен ич өткөктүн айырмасын билбеген врачтар пайда болуп жатпайбы. Эй, ой, медицинадан билим берип суксуңдаган мугалимдер, чала билим алган филологдун адам өмүрүнө зыяны жок, ал эми силер окутуп чыгарган чала сабат врач деген элдин душманы! Анткени, эл ага өмүрүн ишенип жатса, тигиниң кайсы дарыны берерди билбей далдырап турса, коркунучтуу душман эмей ким?! Медиктер билими жок диплом алып жатканы — трагедия го бир!

Билебиз, далай уктук, окудук, Мамбет Мамакеев, Миталип Мамытов, Арстан Мурзалиев сыяктуу кыргыз медицинасынын аталарынын тушунда билимди мыкты алышыптыр го. Алардын убагында мугалимдерден суксуңдаганы жок экен, ток пейил экен, окуган балдар курсагынын маселесин экинчи орунга таштап, жалаң гана билим алуу менен алек болгон тура, алардын дили чыпчыргасы коробой жакшы билим алам деген тилегине толгон тура. Азыр аларга окшогон чыгаандар бар, бирок, өтө эле аз болуп жатат. Бир азын айта кетсек болот. Алар: Рахат Оморов, Айнагүл Жумагулова, Абдулат Кадыров, Сабырбек Жумабеков, Арсен Аскеров, Эрнис Тилеков, Талант Өмүрбеков.

Саламаттыкты сактоо министри Батыралиевди мактап-жактап жатып шайлашты эле, ал деле көптүн бири экен, тармакты жакшыртууга күчү жетпеди, «ортозаар жетекчи» сынын алды да «чөктү»…

Сөзүбүздүн баш жагында «жакшы ишибиздин жанында «жаман» дегени коштоп жүрөт» дебедикпи. Жогоруда биз айткан жаман көрүнүштөр төмөндөгүгө караганда өтө деле коркунучтуу эмес, эң коркунучтуусу — биздин дилдин ыйманы кетип, тобо келтирип, топук кылбай калганыбызда болуп жатат! Анын натыйжасында коррупция баштаган жаман иштер «гүлдөп» турбайбы. Акдил адамдар ошону байма-бай айтып келет. Бул өтө коркунучтуу көрүнүштү кантип жоёрду азыр эч ким билбей жатат, бийлик тарап билген болсо билмексен, болбосо, өздөрүнүн да ыйманы ордунда эмес. Азыр коррупциялык кылыктардан күн куру эмес, бири жеп жиберген, экинчиси пара берген, үчүнчүсү бирөөнөн чоң акча талап кылган… сыяктуу иштерден баш адашат. Ал эми билинбей калганы канча дейсиң… Майда, чоң коррупцияга кабылбаган жетекчи кызматкерди табыштын өзү чөлдөн суу издегенге окшоп турат. Руханий байлык толуп турчу дилибиз акчага толуп барат, ал эми акчага толгон дил адамча жашатпайт! Ушул ойду улантып көрчү, урматтуу окурманым…

Баратбай Аракеев