Домой Саясат БОКтун «төрагасы» Американын саясаты менен жашап…

БОКтун «төрагасы» Американын саясаты менен жашап…

55

Равшан Жээнбеков

«Мени көбү Американын шпиону деп жазышат, жаза беришсин, мен Американын саясатын колдоорумду жашырбайм» деген пикирин ачык эле маалымат булактарынын бирине билдирген Равшан Жээнбеков да кыргыз оппозиционерлеринин катарын толуктайт. БОК — «Бириккен оппозициялык кыймыл» аттуу кыймыл түзө калып, ага 1-2 жылдай төрагалык кылды. Кийин аны үзөңгүлөштөрү «кагаз ташыгыч» эле болчу деп төрагалыктан алып түшүштү. Америкага ат тезегин кургатпай бат-баттан барып турат. Тээ 2006-жылы ал Малайзияда элчиликти аркалап жүргөн кезинде АКШ алып кеткени тууралуу маалымат тараган. Анан ал АКШнын Массачусетс штатында 2 жыл билим алды. Ошондон бери карай Американын атына айтылган кандай гана терс пикир болбосун, жантыгынан жата калып коргоп келет. Айрым маалыматтарга караганда, Америка Равшан Жээнбековду Кыргызстанга Михаил Саакашвилидей сценарий менен алып келүүнү көздөгөн. Бирок, кыргыз эли ар кимдин сценарийи менен эмес, өздөрүнүн акыл-эси менен иш кылууну гана көздөшөөрүн АКШ дагы деле жөндөп түшүнө элек. Анын үстүнө Мамлекеттик мүлк министрлигин төрт жылдай убакыт жетектей калып, 300дөн ашуун мамлекеттик объектилерди текейден арзан баада сатып жибергени бешиктеги балага да белгилүү. Америка ушул «тазалык» жагынан да адашып алган. Американы айга-күнгө теңегендердин катарына Өмүрбек Абдырахманов, Кубатбек Байболовдорду да кошсок туура болот. Ошондо булар да АКШнын тыңчылары болуп калабы?