Домой Саясат Камчыбек Ташиев: Өлкөбүздөгү кендердин баарын шылуундар ээлеп алды

Камчыбек Ташиев: Өлкөбүздөгү кендердин баарын шылуундар ээлеп алды

202

Нарындын Солтон Сары кенинде болуп жаткан акыркы учурдагы окуялар коомчулуктун көңүл чородонунда болуп, көпчүлүк бийликке нааразычылыгын билдирип жаткан чак. Алардын катарын саясатчы Камчыбек Ташиевда толуктап «Солтон Сарыда болгон окуяга унчукпай,билмексен болуп кайдыгер карап олтуруу мүмкүн эмес»- деп төмөнкү билдирүүнү өзүнүн интернет баракчасына калтырган.

Урматтуу эл-журт!

Солтон Сарыда болгон окуяга унчукпай,билмексен болуп кайдыгер карап олтуруу мүмкүн эмес. Өзүмдүн жеке ой пикиримди төмөндөгү пункттар менен жарыя кыламын;

1.Мамлекетибиздин территориясында иштеген инвесторлордун жасаган жумуштары мамлекеттин мыйзамдарына же элдин кызыкчылыгына төп келиш керек, андай болбосо биздин өлкөдө иштөөгө тыюу салынат!

2.Кыргызстандагы көптөгөн тоо кен иштеткен чет элдиктерден пайда көрбөй эле зыян тартып келе жатабыз, мисалы;Кумтөр,Чаткал-Ала Буканын ахыбалын караңыздар.

3.Негизинен мамлекетибиздеги алтын, көмүр жана башка кендерибиздин көпчүлүгүн бир ууч шылуундар ээлеп алышкан, алар кимдер—депутаттар, мурун кийин чоң кызматта иштегендер, чоңдордун туугандары. Мамлекеттен лицензияны бийлигин пайдаланып алышат да кытайларга сатышат, ортодо миллиондогон доллар пайда алышат, анан ошол жалган инвесторлорду «крышевать» этишип бүт жаратылышыбызды талкалап жатышат.

4.Мамлекеттик бийлик ушундай шылуундарды таап чыгып жазалаш керек, элди жакырлантып, кыжырын келтиргендер мына ушулар.

5.Нарындык элибизге таазим,башыбызды көтөрүп,кыргыз экендигибизге дагы бир жолу сыймыктандык!

6.Бийликте олтургандарга айта берип тил тешилди….