«Кандай тентек бала?!» деген сөз ширин чүрпөңүздүн дарегине айтылганын көп угасыз. Бул ата-эне үчүн үй-бүлөдө кежир баланын тарбияланып жаткандыгынын коңгуроосу болуусу керек жана тез арада ага каршы чара колдонулуусу шарт. Анткени эркелик — коркунучтуу синдром. Ал балаңыз чоң адам болгондо да калбай турган жаман сапаттарын калыптандырат.
Эмнеге бала эрке болуп калат?
Тун баланы кантип тарбиялоону же кантип мамиле кылышты билбегендиктен болот. Айрыкча жаштар үй-бүлө курууга даярдык көрбөгөндүктөн бул маселе менен бет келишет. Ата-энелерге кеңеш: эң негизгиси балага обу жок көңүл буруунун кажети жок. Баланын маанайын көтөрүү үчүн колго алып, эмнени сураса ошону карматып болушунча аракет кылганыңыз туура эмес. Мындайда бала көңүлдүн чордонунда болуп турууга көнүп калат.
2.Ата-энеси көпкө күткөн бала үй-бүлөдө кол тийгис укукка ээ болот. Алар “жок”, “болбойт” дегендерди түшүнбөйт. Эмнени кааласа, ошону ата-энесине кылдырып алууну гана билип калышат. Ата-эне баласына байланбас кул болуп калгандыктарын өздөрү деле сезишпейт. Ата-энелерге кеңеш: чечимдериңизди чукул өзгөртүп жиберүү балага терс таасирин гана тийгизет. Мисалы, бала кечээ эле электр чайнеги менен ойноп жатканда тыюу салбай, бүгүн эле “ага тийгенге болбойт” деп калса, балада ишеним жоголот жана туруксуз ой калыптанат. Ыйласа дагы кайрадан аны менен ойноого болгон аракетин баштайт. Ою менен болуп бере калганыңызда ушундай жол менен жеңишке жетүүгө болот экен деп ойлойт. Эмки жолу андан да катуу ыйлаганга аракет жасайт. Ошондуктан башынан эле “жок”, “болбойт” дегенди үйрөтүңүз.
3.Чоң үй-бүлөдө тарбияланган балага бир жактуу тарбия берилбей калат. Мисалы, ата-энесинин талаптарын чоң ата, чоң апасы “боло берет”, “балага тийбе” деген өңдүү болушуулары менен жоюп салышат. Бала ким анын сөзүн сүйлөсө же ким ага болушуп койсо, ага ыктап мамиле кылууну, арызданууну жана өз каалоосун аткартып алууну адат кылып калат. Ата-энелерге кеңеш: эгер сиз балаңыздын эркелиги менен олуттуу күрөшүүнү кааласаңыз, бардык үй-бүлө мүчөлөрү менен жай сүйлөшүп “бирибиз баланы тыйганда экинчибиз болушпайлы” деген келишим түзүп алыңыз.
4. Бала оорулуу болуп төрөлгєн же көп ооруй бере турган болсо, ата-эне кєзүн карай берип бала эрке болуп калат. Ата-энелерге кеңеш: ооруган баланы өзгөчөлөп же коомдон бөлүп, аяп мамиле кылуунун кереги жок. Ага деле башка балдарыңызга кылгандай мамиле жасасаңыз, тескерисинче, чыйрак жана аракетчил болуп калыптанат.
Эркеликтин кесепети кандай болот?
Ашыкча көңүл буруу жана кам көрүү балага төмөнкүдөй зыяндарды алып келет: Кичинекей залим болуп калыптанат; өз каалоосун көзөмөлдөп, чектей албайт; чөйрөдөгү адамдар, кесиптештер менен тил табышып иштөө ал үчүн азаптай сезилет. Анткени ал болушунча өзүмчүл жана таш боор болуп чоңоёт; алдыга максат коюу жана ага жетүүгө умтулуу, аракет кылууну эч ойлонушпайт; өздөрүн кыйын сезишкени менен өз алдынчалуулукка көнбөйт; ата-эне, бир тууганды сүйүү сезиминин ордуна аларды материалдык колдонуучу нерсе катары баалай баштайт.
Эркеликти жоюунун жолдору
Так режим.
Дароо баланы өзгөртүп жиберүүгө болбойт. Ошондуктан акырындык менен эртең менен тишин жууганды ага режим кылып киргизип бериңиз да, анын күн сайын аткарылышын талап кылыңыз. Бир нерсеге жоопкерчилик. Оюнчуктарын жыйноону ага милдеттендирип коюңуз. Акырындык менен чачкан нерсесин жыйноого жоопкерчилик алып, сиздин эмгекти баалоосу башталат.
Спортко көндүрүү.
Сууда сүзүү, бийлөө, күрөш жана башка ушул сыяктуу ден соолукка пайдалуу спорттун бир түрүнө кызыгуусуна карата катыштыра баштаңыз. Анткени спорт эрктүү болууга тарбиялайт.
Эркиндик.
Өзү теңдүүлөр менен көбүрөөк чогуу болуусун камсыздаңыз.
Мактоо.
Баланын ар бир кылган, керек болсо майда иши үчүн да мактап туруу керек. Муну менен сиздин колдооңузду жана мээримиңизди сезе алат. Баарлашуу. Ар кандай убакта балаңыз кызыккан суроолорго жооп берип, жашооңуздагы кызыктардан айтып берип бир күндө бир нече ирет сүйлөшүп, сырдашып турганыңыз жакшы тарбиянын үрөнүн сепкендигиңизди билдирет.
Маалымат булак: http://lady.kg/erkelik-korkunuchtuu-sindrom/