Домой Ден-соолук Рак оорусун жеңген атактуулар

Рак оорусун жеңген атактуулар

527

Онкологиялык оорулар дүйнө жүзү боюнча эң коркунучтуу оору болуп эсептелет. 2012-жылы 14 миллион рак илдети катталып, 8,2 миллион адам аталган илдеттен көз жумган. 20 жылдан кийин бул оору дагы 70 пайызга көбөйөөрүн окумуштуулар билдиришүүдө. Бул оору менен күрөшүп, аягында жеңип чыккан төмөндөгүдөй инсандар  да бар. 

 

Ассоль Молдокматова

Ассоль Молдокматова:

«Рак бул – жашоонун бүткөнү эмес»

— Бир нече жыл мурун Алматыдагы клиникалардын биринде мага рак дартына кабылганымды кабарлашкан. Ошондо үйгө жеткиче үй-бүлөм, балдарым тууралуу ойлор мени жеп салды. Бирок, мен дартка алдырбадым, 2 жылдай оору менен алышып, канчалаган операцияны башымдан кечирдим. Ал учурдагы менин жан дүйнөмдө эмне болуп жатканын сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Учурда менин жашоом өз нугуна түшүп келе жатат. Бул кыйынчылыктарды мени менен чогуу басып өткөн жакындарыма ыраазымын. Кээ бир ара жолдо калтырган эски тааныштарыма унчуга албайм. Мен рак оорусу менен күрөштүм. Рак бул —  жашоонун бүткөнү эмес, аны жеңсе болот. Эгерде адамдын өмүргө болгон ишеничи, максаттары дайын болсо деп айта алам. Мындай сыноолордон кийин мен жашоомо кандай болгон учурда да ыраазымын.

 

Салтанат Саматова:

 «Түркияга барып текшерүүдөн өтүп турам»

— Менде рак бар экенин күтүүсүз билдим. Бул кабарды укканда ата-энем, жолдошум баш болуп жакындарымдын баары ыйлашты. Мен гана ыйлаган жокмун. Рак илдети менен күрөшүп жашап келе жатканыма апрель айында үч жыл болот. Дарт кызыл өңгөчүмдө. Ар үч ай сайын Түркияга барып текшерүүдөн өтүп, бул жактан ай сайын химиотерапия алып дарыланып турам. Улам сайын жакшы натыйжа болуп атканына кубанам. Башында баары, “минтип ооруп калганыңды эч кимге айтпа. Эл билбесин” дешти. Бирок, мен ага макул болгон жокмун. Менин жакшы маанайда жаркылдап жашай беришиме жакындарымдын да салымы чоң. Ата-энем күн сайын чалып сурашып, апам каалаган тамактарымды жасап берип турат. Жолдошум да бардык жагынан колдоп, мени аяп үй оокаттарына, ашканага да жардам берип турат. Турмушка чыкканы базарга барып соода кылып, оор баштык көтөргөн жокмун. Азыркыга чейин домком кайда, эсеп чектерин кайда алып барыш керек экенин билбейм.

 

Анжелина Жоли сүт бездерин алдырткан

Голливуддун белгилүү актрисасы Анжелина Жоли 2013-жылы рак илдетине кабылып, сүт безин алдырткан. Доктурлардын айтымына караганда, Анжелинанын рак оорусунун өөрчүшү 87% болгон. Эгер ал өз учурунда операция кылдыртып, сүт бездерин алдыртпаганда рак илдетинин курмандыгы болуп калмак. Анжелинанын айтымында, рак илдети укумдан-тукумуна берилип келет. Актрисанын апасы он жыл алышып жатып 56 жашында ушул оорунун айынан каза болгон.

Самара Саламатова