Домой Аналитика Башкы прокурордун орун басары Набиев менен Токтобаевдин рейдерлик иши…

Башкы прокурордун орун басары Набиев менен Токтобаевдин рейдерлик иши…

32

Кайсыл жакты карабайлы, атың өчкүр коррупция, рейдерлик, ишкерлердин бизнесин тартып алуу сыяктуу маанайды түшүргөн, жакшылыктан түңүлткөн түбү жакшы эмес иштер арбын. Ошондой көрүнүштөрдүн бирин бүгүн биз калайык калктын калың катмарына, бийликтин билерамандаырна жеткирүүгө ниет кылып турабыз. Бул Чубактын кунундай чубалган чуулгандуу ишке УКМК баштаган укуругу узун укук коргоо органдары да талапка ылайык көңүл буруп, мамлекетке пайда келтирип жаткан ишкерлерибизди алкымы чоң атка минерлердин ач көздүгүнөн коргоп, колдоп алышар деген үмүттөбүз.

Эмесе, Шеров Бактыбек мырзанын кайрылуусун, окуянын чоо-жайын төмөндө толук окуңуздар:

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке  “Дархум курулуш” ЖЧКнун өкүлү Шеров Бакытбек Адамалиевичтен

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич менин арыз жазуумдун себеби төмөнкүчө:

Арыз

Кыргыз Республикасынын  өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу  Мамлекеттик комитетинин Төрагасынын орун басары А.Т.Токтобаев жана КРнын Башкы прокуратурасынын биринчи орун басары  Нуркамал Бурханович  Набиев кызмат абалдарынан пайдаланып алдын ала сүйлөшүп алып коррупциялык жол менен  жокко чыгарган.

Кыргыз Республикасынын онөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу  мамлекеттик комитетинин комиссиясы 4-март 2020-жылы №06-Н-20 протоколу  менен КРнын Жогорку Сотунун чечимин аткаруу протоколун жокко чыгарган.

18-ноябрь 2020-жылы №29 -Р-20 протоколу менен Кыргыз Республикасынын  өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу  Мамлекеттик комитетинин комиссиясы биздин административдик кайрылуубузду колдоп КР Жогорку Сотунун чечимин аткарып, “Дархум Курулуш” ЖЧКна көмүр кенине лицензия берүү жөнүндө  чечим чыккан.

20-ноябрь 2020-жылы бир эле жумадан кийин эч кандай документсиз  мыйзамсыз  №30-Н-протоколу  менен Кыргыз Республикасынын  өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу  Мамлекеттик комитетинин комиссиясы  төрагалык кылуучу  А.Т Токтобаев кызмат абалынан пайдаланып 18-ноябрь 2020-жылы №29-Н-20 чыккан протоколун комиссиянын мүчөлөру менен алдын ала суйлошуп алып коррупциялык жол менен   КРнын Жогорку Сотунун чечимин  мыйзам чегинде аткарбай , айтылган протоколду жокко чыгарышкан (кайсы мыйзамдын негизинде комиссияга чыгарганы белгисиз).

Бул чечимге Кыргыз Республикасынын  өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу  Мамлекеттик комитетинин Торагасынын орун басары А.Т.Токтобаев жана КРнын Башкы прокуратурасынын биринчи орун басары  Нуркамал Бурханович  Набиев кызмат абалдарынан пайдаланып, алдын ала сүйлөшүп алып, коррупциялык жол менен КРнын Жогорку Сотунун чечимин аткарууга жол тосуп, коррупциялык иштерин ишке ашырган.

Бул коррупциялык жолго КРнын Башкы прокуратурасынын биринчи орун басары  Нуркамал Бурханович  Набиевдин түздөн түз тиешеси бар. Себеби коррупциялык жол менен ушул көмүр кенине болгон жер аянтын жеке ишканасына “Кен Ордо” ишканасына өткөрүп алган. Аны бир тууган иниси Набиев АзаматБурхановичке каттатып койгон.

Жогоруда аты аталган адамдар  кыргыз элине чын иштейбиз, коррупция кылбайбыз деп ант беришкен, бирок антына турушкан жок.  Беш жылдан бери күрөшө берип айлабыз калбады. Ушуга байланыштуу жогоруда айтылган адамдарга мыйзам чегинде чара көрүп  мыйзамдуулукту орнотуп берүүңүзду суранабыз. Жогорку Соттун чечими Кыргыз Республикасынын атынан чыгат.  КРнын Жогорку Сотунун  чечимин аткаруу жөнүндө көзөмөл жүргүзүүңүздү суранам.

Арыз ээси: “Дархум Курулуш” ЖЧКнын өкүлү

Шеров Бакыт Адамалиевич.

Дареги Бишкек ш. Фучик к, уй №58. Тел 0775950900