Домой Маек Жеңиш Молдокматов, жаш активист: Өкмөттүн бул чечими элдин 70 пайызына иштебейт…

Жеңиш Молдокматов, жаш активист: Өкмөттүн бул чечими элдин 70 пайызына иштебейт…

220

Жеңиш Молдокматов

-Жениш мырза, парламентке келген 6 фракция ичиндеги мандат талашуу маселесине кантип чекит койсо болот? Бул маселеге бир жакшы сунуш айталасызбы?

-Депутаттардын мандат талашы 2010-жылы жалпы элдик референдумда кабыл алынган парламентаризмди кыйратууга, башкаруу системасын жокко чыгарууга алып келүүдө. Мандат талаштын алкагында фракциялар жана фракция лидерлери Баш мыйзамдагы: «КР президенти жана ЖК депутаттарын шайлоо» жөнүндөгү мыйзамды тебелешип, Борбордук шайлоо комиссиясынын өзү билемдигине ылайык, сот ситемасынын бийликчил фракцияларга көз каранды экенин дагы бир жолу далилдеп койду. Мандат талаштын келип чыгуусу, парламенттик шайлоодо партиялардын программалык күрөшү эмес, акчанын салмагынын күчтүүлүгү болуп калды. Тизмеге кирген талапкерлердин болуп көрбөгөндөй каражат жумшоосу бүгүн мандат талашка учуратып, партиялык түзүмдүн бузулушуна жол ачты. Парламенттеги фракциялар партиялык идеология же идеянын негизинде эмес, акчанын күчү менен келгендер. Демек, мамлекеттик кызматтар менен депутаттык мандаттардын талашы менен сатылышы VI чакырылыштын аягына чейин уланат деген ойлор жок эмес жана бул өтө начар көрүнүш. Ал эми, 2013-жылы Жогорку Кеңеште шайлоого тийиштүү жакшы мыйзам иштелип чыккан, бирок айрым депутттар менен саясий күчтөрдүн жеке кызыкчылыктарынан улам, колдоо тапкан эмес. Эгерде ошол мыйзам терең иликтенип, дыкат каралса, мүмкүн бүгүнкүдөй мандат талаш, тыйын санаш болмок эмес.

-Колдоого алынбай калган мыйзамдын артыкчылыктарын эске салсаңыз…

— Шайлоодо Кыргызстан 9 округга бөлүнмөк же 7 регион, Бишкек менен Ош эки шаар. Ар бир округдун шайлоочуларынын санына ылайык, партиянын тизмесиндеги 120 талапкерге квота бөлүнмөк. Мисалы, Нарын облусунун шайлоочуларына жараша 7 квота, Ысык-Көлгө 8 квота, Ош облусуна 44 квота деген сыяктуу. Ал эми, БШК бөлүнгөн квотага ылайык, 9 бюллетень чыгармак. Ар бир бюллетенде шайлоого катышкан партиялар жана алардын талапкерлеринин аты-жөнү жазылмак. Шайлоочу партияны тандоо менен бирге өзүнүн жактаган талапкерине дагы добуш бере алмак. Жыйынтыгында, утуп келген партия дароо алдыңкы тизмеге турчу талапкерин аныктай алмак. Шайлоонун жыйынтыгына негиздеп, БШК утуп келген партияны каттап, ар бир округ боюнча партиянын талапкерлерин алган добушуна ылайык мандат берүүгө шарт түзүлмөк. Мына ошондо, утуп келген партиялардын тизмеси чыныгы добуш алган депутаттар менен толукталмак. Ал эми, бул мыйзамдын алкагында шайлоого бараткан партия ар бир округда кадыр-барктуу, салмактуу талапкерлерди каттоо менен партиялар арасында чыныгы саясий атаандаштык пайда болмок. Андан тышкары, ар бир аймактын же региондун өкүлдөрү парламентте отурмак. Кудайым буюрса, бул мыйзамды коомдук талкууга коюп, кийинки шайлоого алып чыгабыз деген ишеничтемин.

-Доллардын курсунун кымбатташына байланыштуу өкмөт насыяны доллар менен алгандарга улуттук валютага которууга шарт түздү. Бирок, бул шарт насыясы 40 миң доллардан жогору болгондорго тиешелүү деген кеп айтылууда. Белгилүү болгондой, 40 миң доллардан көп насыяны бизнеси бар, колунда барлар гана алат да. Демек, карапайымдарга жарыгы тийбей калат экен да. Бул пикирге кошуласызбы?

-Өзүңөр айткандай, 40 миң доллардан көп насыяны бизнеси бар, колунда барлар гана алат. Демек, карапайым элге жарыгы тийбейт. Бул дагы өкмөттүн коомду кыжырланткан бир кемчилиги. Сөзүм бош болбош үчүн, далилдеп берейин. 40 миң доллар алганга мүмкүнчүлүгү жок жарандарыбыз кимдер? Алар — 74 миң мугалим, 600 миң пенсионер, 120 миң атайы жардамга муктаждар, 400 миң пособие алгандар, 200 миң жумушсуз жүргөндөр, 200 миң студенттер, 1 млн. мектеп окуучулары, 12 миң укук коргоо органдарынын кызматкерлери, 12 миң аскер кызматкерлери, 30 миң дарыгер, 5 миң бала бакча тарбиячылары, 1,5 млн. ашык сыртта жүргөн атуулдарыбыз жана башкалар кошулуп, 6 млн. калкыбыздын 70%ын түзөт экен. Демек, элдин 70 пайызына өкмөттүн чечими иштебейт деп түшүнүшүбүз керек. Калган 30 пайызына бул жогорку мамлекеттик кызматта отургандар — 58 миң адам, 3000ден ашык муниципалдык кызмат жетекчилери, 700дөн ашык сот жетекчилери жана бизнесмендер бар. Ал эми, ири бизнес кылгандардын көбү мамлекеттик чоң кызматтардын ээлери экендиги айтпасак дагы белгилүү.

— Шайлоодо «Замандаш» партиясынан ат салышпадыңызбы, бирок ал партия шайлоодон кийин такыр «өчүп» калгандай болду, себептерин ачык айта аласызбы?

-Шайлоодо жеңилүүнүн бирден бир себеби, башка партиялардын болуп көрбөгөн­дөй акча чачышы болду. Бул шайлоо тарыхыбызда эң кымбат шайлоо болду. Шайлоо бул — саясий күрөш, биздин партиянын алдында чоң максаттары бар, азыр ошолордун үстүндө иштөөдөбүз.

-Мэрлик кызматка ким татыктуу деп эсептейсиз?

-Менин оюмча, мэрди элдин тандоосуна коюш керек. Ал эми, саясий этиканы сактоо менен, тиги же бул адам татыктуу дегеним туура эмес болуп калат.

-Азыркы бийлик кызмат сунуштап калса барасызбы?

-Буга чейин сунуштар көп болгон. Менин көздөгөн багытым, туруктуу позициям жана чоң саясий максаттарым бар – ал команда менен бийликке келип, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгында ири реформаларды жасоо. Андыктан кызмат сунушталып калса азыр барбайм, кийинки шайлоолордо жогоруда айткандай, жаңы адамдар менен элдин ишеничин алып, бирдиктүү жана туруктуу команда менен келебиз.

Суроо салган Айбек Шамшыкеев