Түбөлүк бийликти эңсеген түркмөнбашы
Түркмөн мамлекеттик маалымат каражаттары өлкөдө президенттик мөөнөттү узартууну караган мыйзам долбоору «талкууланып» жатканын кабарлоодо. Кечээ жарыяланган долбоордо президенттик мөөнөттү беш жылдан жети жылга чейин узартуу жана талапкерлердин жашын чектөөнү жоюу белгиленген. Азыркы мыйзамдар боюнча, жашы 70тен ашпаган жаран гана президенттикке талапкер боло алат. Бул долбоор президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун бийлигин бекемдөө үчүн жасалып жатканы айтылууда. Өлкөнү акыркы тогуз жылдан бери башкарып келаткан 58 жаштагы Бердымухаммедовдун кезектеги беш жылдык мөөнөтү кийинки жылы аяктайт.
Каримовго жакпасаң ишиң бүттү
Өзбек президенти Ислам Каримов “Адабиятка көңүл буруу-болочокту руханий жактан азыктандыруу” деген маселе менен элге кайрылган эле. Ага ылайык, Жазуучулар кеңешине коом алдындагы жоопкерчиликти сезген адамдар гана мүчө боло алат экен. Кайрылуудан кийин Жазуучулар кеңеши өзбек Эл акыны Хуршид Даврон, акындар Нортухта Кылыч, Хамракул Аскар, Сулайман Рахмон, жазуучу Саломат Вафо, чет жерде баш калкалап жүргөн Мухаммад Салих, Батыр Норбой, Ядгар Абид, Юсуф Жуманы союздун катарынан чыгарды.