Домой Саясат Жеңиш Молдокматов: Жогорку Кеңешти каржылоону токтотуу керек …

Жеңиш Молдокматов: Жогорку Кеңешти каржылоону токтотуу керек …

54

Бүгүн, 9-мартта Ак үйдүн алдында Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өтүп жатат. Нааразычылык акциясына мурдагы депутат Исхак Масалиев, «Ханституцияга каршы» борборунун өкүлү Жеңиш Молдакматов, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, жарандык активисттер катышып жатат.

Алар бийликке «Легитимсиз парламент тарасын», «Жогорку Кеңешти каржылоо токтотулсун», «Тез арада жаңы парламенттик шайлоо дайындалсын» деген талаптарды коюп жатышат.

«Бүгүнкү тынчтык митингине чогулганыбыздын негизги максаты өлкөдө орун алган мыйзамсыз саясий реформалардын жүрүшү болуп атат. Азыркы жүрүп жаткан саясий реформаны токтотуу. Тактап айтканда, Жогорку Кеңеш 2-мартта Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо ордуна, аны Референдум тууралуу мыйзамга тиркеп, 1-окуудан кабыл алды. Ага каршы бүгүн тынчтык митингине чыгып атабыз», – деди Молдокматов.