Бүгүн, 10-майда, орусия тараптын демилгеси менен президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды талкуулашты.
Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.
Баарлашуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болуп өткөн жаңжалга байланыштуу кырдаал талкууланды.
Путин Кыргызстанга чек ара жаңжалынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.
Ошондой эле мамлекет башчылары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен бири-бирин куттукташты.
Путин Кыргызстан элин жаңы Конституциянын кабыл алынышы жана күчүнө кириши менен куттуктады.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ушул жылдын май айынын аягында президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарын макулдашты.
Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери каралат. Тараптар ЖККУнун, КМШнын жана ШКУнун алкагында, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушат.
Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар, анын ичинде Орусия вакцинасын Кыргызстанга жеткирүүнү талкуулашат.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 28-апрелде башталган. Ал күнү тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. 29-апрель күнү таңга маал ок атышуу учуру катталган. Ошол күнү кечинде эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери саат 20:00дөн тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышкан. Жаңжалдын чыгышына Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгон.
Окуяда кыргыз тараптан 189 киши жаракат алып, 36 киши каза тапты. Ал эми тажик тараптан 19 адам набыт болуп, 87и жаракат алган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркаганын билдирген.