Домой Саясат Жаңы Конституцияга ылайык Садыр Жапаров 11 жыл Президент боло алат

Жаңы Конституцияга ылайык Садыр Жапаров 11 жыл Президент боло алат

225

Садыр Жапаров референдумдан кийин Президенттик кызматын сактап кала алат. Мындан кийин шайлоо болбойт. Мындай жобо жаңы Конституцияда жазылган.

Ага ылайык, Садыр Жапаров алты жыл Президент болот. Ошондой эле андан кийин дагы ал Президент болуу укугун ала алат. Бирок, беш жылга. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Конституцияга ылайык, 2021-жылы өткөн Президенттик шайлоо биринчи болуп саналат. Андан кийин Президент беш жылга шайланат. Башкача айтканда, бир эле адам эки жолу Президент болууга укугу бар.

Мындай жол менен жаңы Конституция Садыр Жапаровго эки мөөнөткө Президент болуу укугун берет.