Домой Саясат Жанар Акаев: “Депутаттар чогулткан байлыктарын чет өлкөгө чыгарып жатышат”

Жанар Акаев: “Депутаттар чогулткан байлыктарын чет өлкөгө чыгарып жатышат”

17

Учурдагы абалдан пайдаланып, чогултканын казынага төккүсү келбеген депутаттар мүлктөрүн сыртка чыгарып жатышат. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев “СуперТВ” сайтына берген маегинде айтып өттү.

Анда кесиптештери депутаттык кызматка келүү үчүн партияларга 500 миң доллар берген. Ошондой эле алар бул кызматка өздөрүнүн бизнесин коргоп, өнүктүү максатында келишкен. Эми казынага кол салган атка минерлер четинен кармалып, байлыгы казынага төгүлүп жатканы аларды катуу кооптондура баштаган.

”500 миң доллардан 1 миллион долларга чейин партияга берип депутат болуп келишет. Депутат болуунун пайдасы беш жыл сенин бизнесиңе эч ким тийишпейт.  Мен тааныган 5-6 депутат акчасын Казакстан, Өзбекстан, Орусияга чыгарып кетишти ”, – дейт ал.

Демек өлкөдөн тымызын чогулткан байлыктарын чет өлкөгө тымызын чыгара башташкан.