Октябрдагы “Үмүт ыңкылабына” туура бир жыл болду. Экономикалык, социалдык туташ проблемаларга, адилетсиз сот системасына- массалык добуш сатып алуулар, админстративдик ресурс коштогон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бийлик алмашууга алып келген. Бир жыл өттү. Элибиздин көпчүлүгү турмуш оңолот, адилеттүүлүк орнойт деген илгери үмүтүнөн кайта элек.
Бийлик алмашууга алып келген парламенттик шайлоодон азыркы бийлик сабак алып, жыйынтык чыгарышы керек. Ачык айталы, азыр да президенттин атына жамынган партиялар пайда болуп, “баягылар” менен шайлоого аттанышты. Президенттин батасын алдык, биз өлкө башчысынын “долбоорубуз” деген партиялар тилекке каршы дагы үч командага чогулушту. Ушул кооптуу көрүнүш. Президенттин кайрылууларын окуп, чын эле ишенгиң келет, таза шайлоо өткөрүү ниетин билдирип жатканы да жакшы. Бирок ал кишинин сөзү айрым партиялар үчүн өтүмсүз болууда. Партия лидерлери президентке киришет, шайлоого баратабыз деп айтат, президент эмне, “барбагыла” деп айтат беле, барсаңар ийгилик деп узатат. Алар болсо аны “бизге добро берди, батасын алып чыктык, жакын адамдарын бизге кошуп берди” деп талапкер болчулардын башын айлантат. Алар болсо элдин баарына айтып чыгат. Нааразылыкты партия лидерлери да көбүрөөк пайда кылат.
Бул жолу бийлик чечкиндүү кадамдарга барат деп ишенгибиз келет, баарыбыз ызы-чуу тополоңдон чарчадык, стабилдүү, туруктуу, тынч Кыргызстанда жашагыбыз келет. Адилетсиздикке каршы кайраты, дэми менен көтөрүлгөн жаштардын максатын, үмүтүн уурдатпайбыз, эч кимди ажыдаарга айлантпайбыз! Эркин, эгемен өлкөбүз өсө берсин!