pharmacies at belize cruise port.
Кыргызстанда эмне көп. Ырчылар, генералдар көп. Көчөгө чыгып таш ыргытсаң, сөзсүз бир генералдын, же ырчынын башына тийет. Генералдардын сапаты да талапка ылайык келбейт. Генералдык чинге эмес, майордук чинге да татыктуу эмес шылуундар ар кандай жолдор менен генерлдык чиндип басып жыгылып жатышып, бул аскердик жогорку чиндин баркын кетиришти. ЖК депутаты Садык Шернияз комитет жыйынында Кыргызстандагы генералдардын канча пенсия аларын Соцфондун жетекчилеринен сурады. Соцфонд мүдүрлөрү генералдардын орточо пенсиялары 35-40 миң сом экенин ачыктады. Албетте, бул чоң акча. Бирок генералдардын көбү ушунча көлөмдө пенсия алгыдай ак эмгек кылышты беле? Кеп ушунда.