Президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы жана Инстаграмдагы расмий баракчаларынан уу коргошун жөнүндө жазган билдирүүлөрү өчүрүлдү.
Белгилей кетсек, 15-апрелде мамлекет башчы коронавирус менен ооругандарды уу коргошун менен дарылоону сунуш кылган билдирүү жарыялаган.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери “Фейсбук” социалдык түйүнү компаниянын эрежелерин бузганы үчүн COVID-19га жана вакцинага байланыштуу 12 миллиондой маалыматты өз платформасынан өчүргөн.