7-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө Чүйдүн Панфилов районундагы Эркин-Сай айылында Жайыл баатыр уулу Асан бийдин бийиктиги 4 метр болгон айкели ачылды. Эмне үчүн айкел бул аймакка коюлган? Бул суроого аймактык кабарчы жооп издеди.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, айкелдин бийиктиги 4 метр.
«Тарыхта Асан бий ушул аймакта жашаган деген аныктамалар бар. Анын сөөгү да ушул жерге коюлган делет. Өткөн жылдарда Асан бийдин апасы Темиржан эненин да сөөгү бул аймакта болуусу, мүрзөсү болжолдуу аныкталып, белги коюлуп, куран окутулган.
Тарыхта Жайыл баатырдын эрдиги 1770-жылдардагы Жайыл кыргыны менен белгилүү. Бирок, ал согушка Асан катышкан эмес. Ал бий болгон. Элди ойлоп, алардын камкордугу үчүн күрөшкөн», — деди алар.
32 жаштагы айкелчи Бакыт Иманбаев: «Асан бийдин айкели Эркин-Сай айылына кире бериш жерине коюлду. Анын бийиктиги 4 метр. 1 айда түн ката иштеп бүтүрдүм. Анда Асан бий жоокер кийим кийип, эл-жерин душмандан коргоп, тээ алыска көз чаптырып жатканы чагылдырылган», — деди.
Жайыл баатыр уулу Асан бийдин айкели Панфилов районундагы Вознесеновка айылында да тургузулду. Анын бийиктиги бийиктиги 7,5 метр.
булак: turmush.kg