Домой Дүйнөдө Кытайлык сүрөтчү Дональд Трамптын айкелин жасады

Кытайлык сүрөтчү Дональд Трамптын айкелин жасады

22

Кытайдын Сямынь шаарынын тургуну АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын айкелин жасады. Айкелди жасоодо сүрөтчү Будданын элесин тандап алган. Сүрөттөн көрүнүп тургандай, халатчан Трамп мандаш токунуп, сыйынуу абалында отургандай сүрөттөлгөн.

«Ким эмне ойлосо да, Трамп ийгиликтүү. Анын аты аталган кандай гана майда нерсе болбосун, чуу жаралып, эл арасында абдан талкууга алынат. Бирок бул эмгек тынчтыкты тартуулайт. Анткени айкел менен Трамптын инсандыгы бири-бирине карама-каршы келет. Менин оюмча, эки башка образды дал келтирүү өзгөчө кызыктуу болду», — деген оюн билдирген сүрөтчү.

Айкелчинин айтымында, ал Трамп тууралуу видеотасмалардан шыктанган. Ошол эле учурда эмгегине саясий көрүнүштөрдү киргизбегендигин белгилеп өткөн.