Даниянын бийлиги коронавирус оорусун таратып жатат деп норкаларды өлтүртүп жатканы туура эмес чечим экенин өлкөнүн премьер-министри Метте Фредериксен жана айыл чарба министри Могенс Йенсен билдирди. Бул тууралуу «Известия» журналы жазып чыкты.
Йенсен өкмөт башчылардын норкаларды өлтүрүүгө буйрук берүүгө юридикалык жактан акысы жок экенин мойнуна алды. Азыр парламент бийликке зарыл болсо, мындай чараларды талап кылууга укук бере турган мыйзам долбоорун даярдап жатканын да белгилеген. Бирок басылмалар билдиргендей, көпчүлүк парламент депутаттары ал мыйзамды колдогусу келбейт.
4-ноябрда Даниянын премьер-министри Фредериксен бардык жаныбарлар фермасындагы норкаларды өлтүрүүгө буйрук берген. Анын айтымында, мындай чечим коронавирустун мутацияланган штаммасы жаныбарлардан адамдарга жуккандыктан улам келип чыккан.
Данияда норка өстүрүү системасы абдан өнүккөн. Алардын саны 17 миллионго жакын. Даниянын ветеринардык жана азык-түлүк башкармалыгынын маалыматы боюнча, коронавирус 207 норка чарбасында табылган. Алардын ичинен 67 чарбада жаныбарлар толугу менен өлүп калган.
Башка жаныбарларды өлтүрүү чечими жөнөкөй жарандардын нааразычылыгын жаратты.