Домой Коом ЖАМК №47-абактагы жайыл дасторкон боюнча, түшүндүрмө берди .

ЖАМК №47-абактагы жайыл дасторкон боюнча, түшүндүрмө берди .

185

Бүгүн, 11-ноябрда социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында ден соолугу начарлаганына байланыштуу №47 абакка которулган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин аталган абактын короосунда башка эркинен ажыратылган адамдар менен чогу жайылган дасторкондун жээгинде отурганы тартылган видео жарыяланган.

Тасмадан узунунан жайылган бир нече дасторконду тегеренип жүздөгөн адамдар жана алар менен кошо Камчы Көлбаевдин отурганын көрүүгө болот.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аталган видео 2020-жылдын 5-ноябрында тартылганы аныкталган.

“Бул күнү түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан планга ылайык, спорттук иш-чаралар уюштурулган. Ошондой эле түшкү тамактануу катары дасторкон даярдалган. Анда спорттук иш-чаранын жыйынтыктары жүргүзүлүп, “Бабаларды эскерүү күнүнө” карата куран окутулган. Аталган факты боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анда 10 жылга эркинен ажыратылган соттолуучу А.Н.га тиешелүү уюлдук телефон табылган. Ал видеого тартканы үчүн 1 айга камерага киргизилген. Мындан тышкары уюлдук телефонду колдонууга жана алып жүрүүгө жол берген кызматкерлерге карата ЖАМКнын ички текшерүүсү башталды”, – деп жазылат маалыматта.

булак: reporter.kg