Домой Коом Чүй облусунун ЖКККБнын башчысы УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Чүй облусунун ЖКККБнын башчысы УКМКнын тергөө абагына киргизилди

144

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Шаирбек Бопонов УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдары билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган. Анда Шаирбек Бопонов 2021-жылдын 24-февралына чейин камакта болот.

Эске салсак, Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы “Ак-Тилек-өткөрүү” пунктунда болгон коррупциялык схемага тиешеси бар деп шектелүүдө. Бул өткөрүү пунктунда жол кайгуул кызматынын инспекторлору документтерди текшерүү шылтоосу менен эл аралык жүк ташуу менен алектенген унаа айдоочуларынан 500дөн 5 миң сомго чейин пара алып турушкан. Ошол эле учурда, аталган өткөрүү пункту аркылуу күн сайын 100дөн 200гө чейин унаалар өтөт.