sundown naturals water pills reviews.
Же КР министрлер кабинети менен «Центерранын» ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эмнени айтып турат?
Бул жаңылыкты угуп, көптөгөн кыргызстандыктар, өзгөчө Ысык-Көл облусунун жашоочулары жеңил дем алып калышты. Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана «Центерра Голд Инк.» мунасалык келишимге келишти. Тараптардын татаал, бирок конструктивдүү сүйлөшүүлөрү Кыргыз Республикасындагы жана Стокгольмдогу (Швеция) Эл аралык арбитраждагы экологиялык соттук доолорду өз ара толугу менен жөнгө салууга ниеттелген.
«Центерра» компаниясы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды каржылоого кайрадан түзүлгөн табиятты өнүктүрүү Фондуна 50 миллион АКШ долларын багыттоого даяр. Ал акча каражаттарын Ысык-Көл акваториясында жаңы заманбап тазалоочу курулуштарды модернизациялоо жана куруу үчүн колдонулат.
Жылына берилүүчү экологиялык төлөм 3 миллион АКШ долларына көбөйөт. Мындан сырткары рекультивациянын трасттык фондунун каражаттары Кыргыз Республикасынын финансылык мекемелерине жыл сайын 6 миллион АКШ долларына толуктоо менен которулат, ал алтын кени жабылгандан кийин толук рекультивация үчүн керек.
««Центерра» жана «Кумтөр» бул келишим боюнча өздөрүнө алган милдеттерди аткара турганынан күмөн санабайм. «Кумтөр» да, «Центерра» да өздөрүнүн имиджине камкордук көрөт. Бул канадалык инвестор узак жылдардан бери Ысык-Көл облусуна көрсөтүп келаткан социалдык колдоосунан эле көрүнүп турат. Маселе эми которулган акчалар кандай сарпталат деген суроодо турат. Мына ушул жерде биздин өкмөттөн Жаратылышты өнүктүрүү боюнча жаңы фондунун каражаттарын жумшоодо ачык жана тунук иштөө талап кылынат. Анткени, жаратылышты коргоочу мекемелердин дарегине айтылган сындар менен дооматтар жетиштүү болуп жатат. Акыркы мезгилде өлкөбүздүн экология маселеси өзүнчө, ал эми аны менен алектенүүчү мекеме өзүнчө оокат кылып жаткандай туюлат. Ошондуктан, эң башкысы «Центерра» которгон акчалар таптакыр башка максаттарга пайдаланып кетпегидей кылуу зарыл”, — дейт жетишилген келишимдер туурасында пикирин билдирген саясат таануучу Игорь Шестаков.
Айтымында, канадалык компания менен мунасалык чечимге келүүдө Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү орчундуу иштерди аткарды, ал эми Сапар Исаковдун министрлер кабинети ишти ойдогудай кылып аягына чыгарды. Баса мурдагы өкмөттөрдүн бири да мындай ийгиликтерге жетише алган эмес.
“Бул жерде бардыгы жөнөкөй болду. Ошол эле “Кумтөр” маселесинин айынан кызматтан кеткен Жоомарт Оторбаевди эстегилечи. Ага ачыктан ачык эле парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясы таасир этип турган. Ал эми мурдагы Жээнбеков менен азыркы Исаковдун министрлер кабинеттери кимдир бирөөлөрдүн саясий амбицияларына жетеленбей, улуттук кызыкчылыктар үчүн өз алдынча аракеттеништи”, — деп эсептейт саясат таануучу.
Бул экөөсү көкүрөк каккылабай эле, баарысын ойдогудай ишке ашырышты деген редакциябыздын маектеши: “Бир абдан маанилүү жагдайды эске алуу керек. Шайлоо алдында бул маселени айрым арам ойлуу күчтөр өлкөнү дестабилдештирүү максатына пайдаланбашы үчүн, биздин өкмөттөн каражаттардын сарпталышын максималдуу ачык жана тунук кылуу талап кылынарын дагы бир жолу кайталайм”, — деп сөзүн жыйынтыктады.