Дүйнө жүзү боюнча, ар бир үйдө күнү ысык кара, көк чайдан башталат. Анткени, адамзат башынан эле чайга көнүп калган. Окумуштуулардын иликтөөсү боюнча, бир адам күнүнө жарым литр суусундук ичет. Ал суусундуктун ичинде биз сөз кылып жаткан чай да кирет. Бирок, чайды ар бир жерде ар кандай ичишет. Кээ бири сүт кошуп, кээси май, туз кошуп ичишет дегендей. Чындыгында, таза чай кандай болуш керек?
— Чайдын курамында тазалоочу заттар бар болгондуктан, эртең мененкисин ичүү керек. Анын курамындагы кофеин эртең менен уйкуну ачып, иш жөндөмдүүлүктү жакшыртат. Андан сырткары жүрөк кан тамырлардын жакшы иштешине дагы шарт түзөт. Ал эми кофеге караганда көк чайдын курамында кофеин көп болгондуктан, саат сайын кофе ичпей, эртең мененкисин бир чыны көк чай ичип койсоңуз, уйкуңуз ачылат.
— Таза чай күчтүү болуш керек. Канчалык ачуу болсо, курамында дагы ошончо көп нерсе болот.
— Кофеин кофенин курмында канча болсо, чайдын курамында андан да көп болот. Анткени, кофе көп текшерүүдөн өтүп жатып, табигый күчүн жоготот.
— Чөптөрдөн жасалган чай кээ бир ооруларды айыктырууда пайдасын тийгизет. Чай атайын дары катары ден соолукка жардам бербесе да, ооруну жакшыртууга жардамын берет. Ар кандай ооруларга чөптөрдөн жасалган чайларды ичишет. Бирок, доктур берген норма боюнча гана ичпесе, организмге зыян алып келет.
— Көк чайды өтө ашыкча ичүү дагы болбойт. Анткени, көк чай кан басымды төмөндөтөт.
— Чай демделген чайнекте бир күн сакталат. Андан көбүрөөк убакыт коюп салсаңыз даамы ачууланып кетет. Эгерде чайды үнөмдөгүңүз келсе, анда ичип бүткөндөн кийин чай кайнаткан чайнектеги чайдын суусун төгүп коюшуңуз керек. Антпесе, чайдагы оор металлдар адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет.
— Баштыкчадагы чайлар – чай таштандысы. Башкача айтканда, чайды салыштырып жатканда түшүп калган калдыктарын баштыкчага салып, жакшынакай кылып коюшат. Бирок, баштыкчадагы чай сүт кошулган чайга окшоп, адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизбейт. Эгерде жакшы чайдын калдыгы болсо, ошол эле даамды берет. А эгерде сапаты начар чай болсо, ага чайдын даамын чыгара турган заттарды кошуп коёт. Ал адамдын ден соолугуна зыян болбогону менен, эч кандай пайдасы деле жок болот.
— Сүт кошулган чай зыян. Чайды эч кандай кошумчалабай ичүү керек. Чайга сүт кошкондо, чайдын курамындагы танин заты сүт менен аралашып, адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизе турган зат иштелип чыгат. Мындайча айтканда, чайдын химикалык курамы өзгөрөт дагы кан тамырларга мурункудай таасирин тийгизбей калат. А чайдын курамында кан тамырларды чыңдай турган Р витамини, рутин жана башка заттар бар.
Самара Саламатова