Домой Ден-соолук Видео оюндарга байлануу — оору. Дүйнөлүк уюмдун билдирүүсү

Видео оюндарга байлануу — оору. Дүйнөлүк уюмдун билдирүүсү

32
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму видео оюндарга көз каранды болууну оору деп тааныды. Бул тууралуу маалыматты мекеме расмий сайтында жарыялады.
Түрдүү интернет-оюндарга көз каранды болуу илдеттердин XI эл аралык классификациясына кирген. Ал изилдөөнү уюм он жыл жүргүзгөн.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бир нече жыл мурда оюндарга көз каранды болуу оору деп өзүнчө бөлүп карай баштаган. Бирок анын аныктоо жана дарылоонун жолу табылган эмес. 2019-жылы бир клиникалык учур катталып, өспүрүм ооруканага жаткырылган.
Адистер компьютердеги оюндарга аябай берилип кирип кетүү ага байланып калып, көз каранды болууга гана алып келбестен, адамдын көрүүсүн начарлатып, уйкусуздукка кептеп жана омурткаларды жабырката тургандыгын эскертип келет.
Ошондой эле анын айынан жаштардын окуусу начарлап, кыжыры, ачуусу бат келип калары айтылган. Андан сырткары, чоңдор оюндун айынан оңою менен жумуш таба албай бекер жүргөн учурлар арбын кездешерин белгилешкен.