— leviteracetam shopping. Узарбек мырза, парламенттин жыйынында кесиптешиңиз Өмүрбек Текебаевдин канкор Курманбек Бакиев менен Кипрде жолукканы тууралуу түркиялык басылмаларга чыккан материал боюнча маселе көтөрдүңүз. Бул боюнча УКМКга кайрылдыңызбы?
— Мен жеке өзүм кайрылган жокмун. Мындай сунушту төрага Чыныбай Турсунбековго сунуш кылдым. Эми тиешелүү органдар бул маалыматты аныктап чыгышы керек.
— Эгер Текебаевдин Бакиев менен жолукканы чын болсо кандай чара көрүш керек?
— Эми ал жагы укук коргоо органдарынын иши. Баарын мыйзам чегинде карашы керек. Бирок, бул маалымат чындык болсо, Кыргызстанда канча адамдын өлүмүнө күнөөлүү катары эркинен ажыратылган адам менен депутаттын жолугушуусу мамлекетке чыккынчылык катары саналышы керек. Ошондуктан, муну тез арада иликтеп чыгыш керек.