Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын мурдагы башчысы Даулет Досалиев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аныктагандай, Досалиев дене тарбия жана спорт башкармалыгын жетектеп турган кезде жооптуу адамдар менен сүйлөшүп алып, 2019-жылдагы спорттук иш-чаралардын календардык планына ылайык спортчуларды окуу-машыгууларга жөнөтүү боюнча жалган буйруктарды чыгарып, ири суммадагы бюджеттик каражаттарга ээ болгон.
Ошондой эле акча каражатынын сарпталышы боюнча, окуу-машыгууга барган спортчулар үчүн унаа, турак-жайларды ижарага алуу жана спортчуларды тамак-аш менен камсыздоо тууралуу жалган документтерди даярдаган фактылар аныкталды.
«Машыктыруучулар жана спортчулар жыл сайын Бишкек шаардык мэриясынын бюджетинен бөлүнгөн каражаттар тууралуу билишчү эмес», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Досалиевге Жазык кодексинин 320-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүгү, 205-беренесинин (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) 2-бөлүгүнүн 1-пункту жана 3-бөлүгүнүн 2-пункту, ошондой эле 329-беренесинин (Кызматтык жасалмачылык) 1-бөлүгүнүн негизинде айып тагылды.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кечээ, 27-октябрда Досалиевди СИЗО-1 мекемесине 2 айга камакта калтырды.
булак: баракелде