Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Айт намазын өткөрбөөнү сунуштады. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифингде билдирди.
Ошондой эле мэрия жамааттарга жума намазын окууга тыюу салууну сунуштады.
«Эгерде үй-бүлөдө оорулуу адам бар болсо, анда үй-бүлө мүчөлөрү 14 күн бою үй карантинде болуш керек. Бирок бүгүнкү күндө бул талаптар аткарылбай жатат», — деди ал.