Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык базасын жаңы программалык системалар менен камсыздоо кечикти.
Мамлекеттик каттоо кызматы каржы маселеси чечилбегенден улам ондон ашык лицензияны бир жылдан бери ала албай жатат. Мекеме бул маалыматты жарым-жартылай ырастоодо.
Адистер лицензиялар жаңырбаса жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо коркунучта экенин, натыйжада биометрикага байланган шайлоо да үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Жарандардын биометрикалык базасы менен иштеген «Инфоком» мамлекеттик ишканасын жетекчисинин орун басары Асел Кененбаева: «Биз биометрика үчүн «Oracle» маалыматтар базасын башкаруу системасын (МББС) тандап алганбыз. 2014-жылы анын лицензиясы сатып алынып, биздин биометрикалык маалыматтардын баары ошондо жайгаштырылган. Жыл сайын алып жатып, жалпы 10 лицензия алынган. Бизге дагы төрт лицензия алынышы керек. Ал өзүнүн эрежеси боюнча жыл сайын алына турган нерсе. Анткени лицензиялар аркылуу ал программага ээлик кылган компания тараптан бизге кепилдик берилген техникалык колдоо берилет. Мындан сырткары алар маалыматтык коопсуздукка байланыштуу жаңы өндүрүм кошуп турушат, жыл сайын жаңыланган лицензия аркылуу биз ошол нерселерди алып турабыз. Бул лицензиялардын суммасы 374 миң доллар же болбосо улуттук валютага айлантканда 26 миллион 180 миң сом. Каражат ишкананын бюджетинен эмес, Мамлекеттик каттоо кызматынын бюджетинен жана республикалык бюджеттен бөлүнүшү керек. Биз жыл сайын муну тиешелүү органдарга жазып турабыз жана акча түшсө атайын бөлүмдөрүбүз сатып алып турат.
Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу акча өз учурунда бөлүнгөн жок. Бирок бул биздин базанын ишмердүүлүгүнө тоскоол болбойт жана жумушубуз мурдагыдай калыпта эле улана берет. Коопсуздук маселелери баштагыдай калыпта каралат жана ошондой эле камсыздалат». Бул туурасында Азаттыктын журналисттеринин берген суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Булак: Азаттык