Үстүбүздөгү жылдын 2-мартында борбор калаадагы мейманканалардын биринде бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү жана экс-чиновниктер тегерек столду тегерете отурушуп, президент С. Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы билдирүүсүн талкуулаша турган болушуптур. Албетте, алар мына ушул шылтоо менен жөн гана күч структураларынын жетекчилерине каршы чабуул жасашканы турганы айкын болуп калды.
Тегерек столго катыша турган саясатчылардан эле алардын кандай максатты көздөп атышкандарын түшүнө берсек болот. Мисалы, бул жыйынга Ф. Кулов, К. Сооронкулова, И. Масалиев, Р. Жээнбеков сыяктуу саясатчылар жана Д. Ошурахунова сыяктуу бейөкмөтчүлөр катышат. Булардын баары эле акыркы жылдарда коррупция, паракорлук жана бийликти басып алуу пландары менен темир тор артына кетишкен саясатчыларды колдоп, аларды эркиндикке чыгаруу аракетин жасап келишкендер экени белгилүү. Демек, аларга бүгүнкү күндөгү күч структураларынын жетекчилери жакпай турганы түшүнүктүү.
Аттары аталган саясатчылардын бийликке таарынычы күч. Себеби, кызматсыз калышкан. Андыктан алар абакта жаткан саясатчыларды жөн гана өздөрүнө курал катары колдонуп, кайрадан бийликке келүү аракетин жасап атышат деп айтсак болот.
Күч структураларынын жетекчилерин кызматтан кетирүү талабы – алардын планынын «А» варианты. Алар адегенде мына ушул планын жүзөгө ашырып алышкан соң, «Б» планына киришет. Тактап айтсак, президенттин өзүнө чабуул жасай башташат экен. Себеби, күч структураларынын жетекчилери алмашканы менен абакта жаткан саясатчылар баары бир эркиндикке чыкпайт. Алардын күнөөлөрү соттун чечими менен далилденген. Бул жагдай жогорудагы ысымдары аталган саясатчылардын мамлекет башчысына чабуул жасашына себеп болуп берет.
Эгерде Ф. Кулов, Р. Жээнбеков, И. Масалиев жана бейөкмөтчү Д. Ошурахуновалар ушул күнгө чейин өз өлкөсүнө кымындай жакшылык жасап коюшкан болсо дагы, анда алардын аракетинен кандайдыр бир жакшы жышаананы сезет элек. Тилекке каршы, булардын таржымалы өз өлкөсүн талап-тоноо, жамандоолор менен гана жыш толгон. Андыктан алардын президенттин сөзүн колдогондой түр жаратуу менен арам ойлорун жүзөгө ашырып кетүүлөрүнө жол бербөө керек.
buy perfume online international.