Домой Саясат Азамат ШАРШЕКЕЕВ: “100 күндө президент тарабынан позитивдүү кадамдар жасалды”

Азамат ШАРШЕКЕЕВ: “100 күндө президент тарабынан позитивдүү кадамдар жасалды”

52

            1036486609

— Президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришкенине туура 100 күн толду. Өлкө башчысы бул кыска аралыкта кандай иштеди деп ойлойсуз?

—   Чынында 100 күн өтө кыска аралык. Ошентсе да президент тарабынан позитивдүү кадамдар жасала баштады.  Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо органдарындагы коррупцияны ачык айтып, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди. 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялап, бул багытта бир катар иштер башталды. Негизинен президенттин 100 күндүк ишмердүүлүгүнө жакшы баа берсек болот.

—  Жаңы президент ишке киришкенден кийин тышкы саясатта кандай өзгөрүүлөр байкалууда?

buy isotretinoin online kuwait.

—  Сооронбай Жээнбеков тышкы саясатта коңшулар менен мамилени бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурууда. Бул эң туура кадам деп айтсак болот. 100 күн аралыгында Өзбекстанга, Казакстанга, Тажикстанга расмий сапар менен барды. Бул визиттердин жыйынтыгы деле жаман эмес. Эң башкысы, Казакстандын чек арасын ачууда президенттин салымы чоң болду.