Домой Саясат Сөз эркиндигин кое туруп, вертолеттон сөз козгоңузчу, Феликс мырза

Сөз эркиндигин кое туруп, вертолеттон сөз козгоңузчу, Феликс мырза

179

safest place to buy viagra online. Kulov-Feliks-800x533

Акаевдин убагындагы «темир генералдан» Рыспек Акматбаевден коркуп аянтка чыкпай койгондон кийин «желим» генералга айланган Феликс Кулов аксакалдык доорун дурусураак сүрүүнү каалабай туру окшойт. Дагы деле баягы эски адатынча кызматсыз калган кезде бийликти сындап калмай өнөкөтүн калтыра албай убара.

Ал бул ирет «Сентябрь» телеканалынын жабылып калганына байланыштуу оппозициялык интернет сайттардын бирине маек куруп, аны сөз эркиндигине жасалган чабуул катары баалаптыр. «Мен баардык эле акыл-эстүү адамдар сыяктуу бул телеканалдын жабылышына – терс көз караштамын» дептир ал. Бул пикири менен ал кайсыл «акыл-эстүү» адамдар тууралуу айтып атканын түшүнүү кыйын. Чет мамлекеттерден  келген гранттарды «жеп» отурган бейөкмөтчүлөрдү айтып атабы?

Чыныгы акыл-эстүү адамдар тескерисинче ушак-имиштерден башы чыкпаган, коррупцияга байланыштуу сот процессин саясый өңүткө буруп, бир тараптуу гана маалымат тараткан телеканалдын жабылып калганын туура көрүп отурушат. Ал эми бийликке таарынчы барлар, кызматсыз калгандар, чет мамлекеттерден каржылангандар үчүн гана бул теленкалдын жабылышы саясый курал болуп берүүдө.

«Каардануунун копилкасына» биринчи салымдар салына баштады, бийликтин саясый оппоненттерин мыйзамсыз соттоо, журналисттерге жана укук коргоочуларга карата акыйкатсыз жана чектен тыш айып пулдардын салынышы, бир катар ММКлардын жабылышы аркылуу» дейт Кулов. Ал муну менен элдин бийликке нааразычылыгынын алгачкы белгилери топтоло баштады дегенди айткысы келет. Анан мыйзамсыз соттолду деп бийликти күч менен басып алууну пландаштырышкан К. Кадыров, Б. Асанов, Э. Карыбеков жана башкаларды айткысы келет. Демек, Феликс мырзанын логикасы боюнча бийликти күч менен басып алууну пландагандарга да эч кандай чара көрбөш керек турбайбы? Анда мамлекетибизде башаламандык болуп кетпейби? Же муну генерал мырза билбейби?

Ал эми жалганды чындай жазган журналисттерди, ММКларды тартипке чакырууну сөз эркиндигине кысым катары баалоонун өзү аңкоолук эмей эмине? Мындай жоопкерчиликти ошол «демократиянын атасы» атыккан АКШда да колдонот. Андыктан 70тин кырына жакындап калган Феликс Кулов сөз эркиндиги, демократия тууралуу сөз кылгандан көрө өзү Акаевдин убагында «пулдап» жиберген вертолеттор тууралуу айтып бербейби десең.