Домой Коом Башкы прокуратуранын жетекчилик курамы толугу менен алмашты. Тизме

Башкы прокуратуранын жетекчилик курамы толугу менен алмашты. Тизме

112

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров баш прокурордун орун басарларын жана аскер прокурорун дайындады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйруктарга Садыр Жапаров бүгүн кол койгон. Ага ылайык, төмөнкү адамдар жаңы кызматка дайындалды:

  • Нуркамал Набиев — башкы прокурордун биринчи орун басары;
  • Башкы прокурордун орун басары — аскер прокурору болуп Сагындык Мукашов;
  • Абай Молдокматов — башкы прокурордун орун басары;
  • Турусбек Ишеналиев — башкы прокурордун орун басары.

Ушуну менен Башкы прокуратуранын жетекчилик курамы толугу менен алмашты. Жакында эле Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп барган.