Домой Коом Садыр Жапаров: Зыяратчылардын муфтияттагы акчасы шайлоодо партияга иштетилип кеткен

Садыр Жапаров: Зыяратчылардын муфтияттагы акчасы шайлоодо партияга иштетилип кеткен

59

Былтыркы жылы ажылык сапарга барчу зыяратчылардын муфтияттагы акчасынын 155 миллиону шайлоо учурунда кайсы бир партияга иштетилип кеткен. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-февралда Коомдук телерадиоберүү корпорациясына курган маегинде айткан.

«Жалпы 16 миллиондон 8 миллионго жакын долларын алып, сомго айлантып, киреше алуу максатында банктарга пайызга салышкан экен. Бирок доллар өсүп кетип, алар пайда көрмөк түгүл чыгым тартып калышыптыр. Чыгымы эле 700 миң доллардын тегерегинде. Андан сырткары 155 миллион сомун былтыр август айында “бир фирмага бердик” деп, ал фирма шайлоого бир партияга колдонуп салат. Бүгүнкү күндө акча толук кайтарылбай турат. Ажылыкка бара тургандар акчасын сураса жарым жартылайы бериле элек экен. Азыр эми коомчулукта “анын кызмат орду керек болуп каматты” деп жатышат. Андай эмес таза шайлоо өтсүн. Өздөрү тандаган талапкерин шайлап алышсын. Мен муну өздөрү менен жолукканда да айткам», — деген Садыр Жапаров.

Ал Максат ажы Токтомушов менен жолукканын, кийин экиге бөлүнүп чырдашып жаткан кызматкерлер менен да беттешип сүйлөшкөнүн айткан.

«Мен шайлоого жаңы аттанып жатканда штабыма Максат ажы өзү келип, арыз-муңун айтып кеткен. “Аалымдар кеңеши мени мөөнөтүмдөн мурда кызматымдан алып анан башка шайлоо жаңыдан өткөрөбүз деп жатат. А биздин шайлоо апрель айында, 3-4 ай калды өз убагында эле болсун деди”.  Ал киши диний аалымдар, “өкмөт тарабынан деп жатат”  деп маалымат түшүүдө деп да айткан. Мен Бакыт Аманбаевге чалып, аралашпагыла деп айткам. Шайлоо өз убагында өтүп, салтту динди кармаган, ызы-чуу болбогон адамды өздөрү шайлап алышсын дегем.  Жакында эле мага дагы маалымат келди “кайрадан эле ызы-чуу болуп жатат” деп.  Аалымдар кеңеши буларды эрте алып, кайра жаңыдан тез арада курултай уюштуруп, шайлоо кылабыз деп жатышкан экен. Алардын  “акча жеп койду”  жана “интернет аркылуу сабактарында туура эмес жакка үгүттөп койгон” деген эки талабы болгон.  Мен эки тарап менен да жолугуп арыздарын, талаптарын уктум. Баары келишти. Анан ошол жерде коммиссия түзөлү деп, кийин бухгалтер жиберип текшере башташты. Чындыгында жетишпегендиктер бар экен», —деп кошумчалаган өлкө башчы.