Домой Коом Түп районунун кичинекей тургуну Бекболот Бактыбеков президент Садыр Жапаров менен жолугушту

Түп районунун кичинекей тургуну Бекболот Бактыбеков президент Садыр Жапаров менен жолугушту

125

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булак (Балбай) айылынын кичинекей тургуну 8 жаштагы Бекболот Бактыбеков президент Садыр Жапаров менен жолугушту.

Алардын сүрөттөрү социалдык тармактарда пайда болду.

Буга чейин Бекболот Бактыбеков З.Мамбетсеитова атындагы орто мектеби көгөрүп, кайрадан онлайн режиминде билим алганына ынанбай, президент Садыр Жапаровго видео аркылуу кайрылуу жасаган эле.

Бекболоттун атасы Чолпонбек Ожековдун айтымында, 8 жашар уулу үй-бүлөдө жалгыз бала. Ал ачык, шайыр жүрөт.

«Мен өзүм бул жылы 56 жаштын чайын ичүүдөмүн. Кудайдын буйругу экен, апасы Элмира уулум 3 жашка толгондо мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ошондон бери Бекболотту атанын да, эненин да мээримин төгүп тарбиялап келе жатам. Бекболоттун ачык, шайыр мүнөзү бар. Мен тескерисинче сөзгө чоркок, көп сүйлөбөгөн адаммын.

1-классты аяктап жатканда пандемия болуп, онлайн режиминде билим алып калышты. Аралыктан окуу уулума чынында жаккан жок. Ал классташтары менен аралашып, мугалимдеринин маӊдайында бетме-бет жолугуп, билим алууну каалайт. Андыктан мектептеги белгилүү бир шартка байланыштуу кайрадан онлайн окуганды каалабай, чоӊ адам үйрөтүп койгондой, билдирүү жасаганына таӊ берип отурам», — деди ал.

Бекболот Бактыбеков онлайн окууда уюлдук телефонуна тынбай кат келгени тынчын аларын билдирет. Ал учурда музыкалык аспапта ойной алат жана келечекте музыкант болууну каалайт.

«Мага аралыктан окуган такыр жакпайт. Анткени күндө таӊ атпай телефонума «тыӊ-тыӊ» деген кат келип, тынчымды алат. Классташтарыма, эжейлериме жолугуп, баарыбыз бир жерден билим алууну каалайм. Ал эми президентке кайрылган видеого токтолсом, муну эки ай мурун тарткам. Анткени мектебибиз көгөрүп, кайрадан онлайн режиминде окууга туура келди. Биздин айылыбызга эки кабаттуу мектеп салынсын тилек кылам. Видеодон кийин Инстаграмм, Фейсбукта катталуучунун санын көбөйдү. Мисалы, Инстаграммда алгач 192 катталуучум бар болсо, эки айдын ичинде 793 адамды түздү.

Сабактардан кыргыз тил, адабият, математикадан жакшы окуйм. Келечекте музыкант болсом деген кыялым бар. Азыр ямаха черткенди билем», — деди ал.

булак: turmush.kg