Домой Коом Бүгүн Садыр Жапаров ЖМКнын 148 өкүлү менен маалымат жыйынын өткөрөт.

Бүгүн Садыр Жапаров ЖМКнын 148 өкүлү менен маалымат жыйынын өткөрөт.

54

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров маалымат каражаттары үчүн маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат жыйынына республикалык жана чет өлкөлүк 86 ЖМКдан 148 журналист катталды.

Журналисттер КТРКнын алдына саат 12:30да чогулат. Ал эми маалымат жыйын саат 14:00дө башталары белгилүү болду.