Домой Саясат Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болуп Бактыбек Нарбеков дайындалды

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болуп Бактыбек Нарбеков дайындалды

68

Бакытбек Наркулович Нарбеков өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн Таластагы өкүлчүлүгү билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр  Улукбек Марипов кол койду.

Жаңы дайындалган өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү 9-мартта жамаатка тааныштырылды.

Нарбеков  Бактыбек 44 жашта, Кара-Буурин районунун Көк-Сай айылында туулган. Кесиби боюнча экономист, экономика илимдеринин кандидаты.