mastercard levitra professional.
Президент Алмазбек Атамбаев бир айдан кийин жаңы шайланган президентке кызматын өткөрүп бергени турат. Өлкө башчысы 6 жылдык мөөнөтүндө кандай ийгиликтерди багындыра алды деп ойлойсуз
Негизи эгемендүүлүктүн 26 жылын экиге бөлүп караса болот. Биринчиси, 20 жылдагы башаламандык демократия, ээнбаштык. Ал эми кийинки 6 жылда Кыргызстан кыска аралыкта жакшы жакка өзгөрө баштады. Аны көрмөксөнгө салганыбыз уят. Бир эле мисал, Алмазбек Атамбаевдин аракети менен өлкөдө жарык өчпөй калды. Мурда караңгыда калып, Кытайдын лампочкаларын ашканага чейин койгон күндөрүбүз болгон. Муну эл унута элек. “Датка-Кемин” деген ири долбоор ишке кирип, Кыргызстан толугу менен энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жетти. Андан кийин газ маселеси чечилди. “Кыргызгазды” 1 долларга сатып жатканда чоочулагандар, кокуйлагандар болгон. Бирок, бул чечим туура болгону, ар бир үйгө үзгүлтүксүз газ берилип, өлкөнү газдаштыруу жүрүп жатканын көрүп турабыз. Бул эмгектерди, жасалган иштерди ачык айтышыбыз керек.
Ошол эле кезде президент 6 жылда эч нерсе жасаган жок деп сындагандар да бар. Мындай адамдардын аракетине кандай баа бересиз?
— Айрым ээрден шыпырылган саясатчылардын калпты чындай айтып жүргөнү уят. Калп айткан ырыс качырат деп коёт. Ушундайлар азыр көбөйдү. Бирок, элибиз бара-бара мындай адамдарды ээрчибей калганын 15-октябрда өткөн президенттик шайлоо тастыктады.
Акыркы жылдары дыйкандарга арзан насыялар берилип, жер иштетип, мал кармаган фермерлерибизге ар тараптан колдоолор болууда. Алар мол түшүм алуунун жаңы жолдорун өздөштүрүп, малдын санын көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатат. Аскер кызматерлерине квартал сайын жаңы үйлөр берилип жатат. Мындай көрүнүш СССР учурунда да болгон эмес. Эгемендүүлүктөн кийин бала бакчаларды шылуундар тоноп жок кылган эле. Учурда жаңы бала бакчалар курулуп, ал эмес урап бараткан мектептердин ордуна жаңылары салынууда.
Акыркы 6 жылда маданият тармагына кандай көңүл бурулду деп эсептейсиз?
— Эгемендүүлүк алган жылдардан кийин маданият тармагы такыр артта калган, көңүл сыртында калган. Мурдагы жетекчилер маданият тармагына акча бөлбөй өздөрү менен уурдап качты. Ал эми акыркы жылдары бул тармакка көбүрөөк көңүл бурулуп, театрлар, маданият үйлөрү оңолууда. Президент облусттук театрларга чейин акча бөлүп жатат. Жакында эле Таластагы Капар Медетбеков атындагы театр колдонууга берилди. Мындай жакшылыкты көрө билишибиз керек.
Ошондой эле Атамбаев жасаган бир топ иштер Кыргызстандын баркын көтөрдү, руханий дүйнөсүн байытты. Алардын башында Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары, Алтай цвилизациясы форуму, 1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдаган өткөрүү турат. Жакында эле “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлыкка кол койгонун да белгилеп өтсөк болот
Жакшы иштерге көз жумуп, кемчилик гана издеп келген адамдарга кандай баа бересиз?
— Мен ушундай адамдардын бала-чакасын кандай тагдыр күтөт деп ойлоно берем. Биздин бала кезде бир ууч талкан табыш кыйын эле. Согуштан кийин деле бир топко чейин кыйынчылыкты, далай азапты көрдүк. Бирок, ошондо да кыргыз эли келечек жакшы болот деген ишеним менен жашады. Жаман дей бербей жакшы нерселерди үмүт кылды. Азыр болсо Кудайга шүгүр дешибиз керек.
Президент жакында өз кызматын тапшырганы жатат. Ал Конституциянын негизинде мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу тынч жол менен ушундай кадамга барууда. Атамбаевдин бул аракети башкаларга үлгү болушу керекпи?
— Президенттин өз мөөнөтүндө кетип жатканы чоң маданияттын үлгүсү. Буга чейин ал кайра шайлоого катышпай кызматын өткөрүп бере турганын айтканда ишенбегендер чыккан. Ушуну да көрбөй бир балекеттерди чыгарып жатат. Айрым кызматтан кеткендер ажаан болуп кетти. Кеңешбек Дүйшөбаев деген буга чейин Улуттук коопсуздук кызматын жетектеген. Анын кенедей ишин көрбөдүк. Эми ушул жигит күн сайын радиодон кыйкырып жатат. Ушундайлардан тажадым.
Мага Атамбаев эч нерсе кылып деле берген эмес. Ошентсе да анын жасаган иштерин, эл үчүн кылган эмгектерин ачык айтышыбыз керек. Эң башкысы Кыргызстанда тынчтыкты сактап берди, турмушубуз оңолуп жатат. Атамбаевди жок дегенде дагы бир мөөнөткө калса дегендер көп. Ал эми ар кайсыны айтып келжирегендерден кутулсак жакшы болот эле.