Домой Саясат Же бийлик, же бизнес! Бийлик менен бизнес эки башка!

Же бийлик, же бизнес! Бийлик менен бизнес эки башка!

87

1024851444

Эсибизде, Россиянын Президенти Борис Ельцин 1999-жылдын 31-декабрында «Бүттү, мен чарчадым, кетип атам», деген атактуу сɵзү менен кызматтан ɵз каалоосу менен кеткен.  Ɵзүнүн буйругу менен Россиянын Президентинин милдетин аткаруучу кылып, Владимир Путинди дайындайт, ага бийликтин бардык символдорун, анын ичинде «ядролук чемоданды» да ɵткɵрүп берет. Ошентип, узап бараткан миң жылдыктын акыркы күнүндɵ Владимир Путин Россиянын Президенти Борис Ельцинден президенттин бардык ыйгарым укуктарын алат. Ошол эле күнү  саат 11:00дɵ патриархтын катышуусунда  Россиянын биринчи Президенти ыйгарым укуктарын В. В. Путинге салтанаттуу түрдɵ  ɵткɵрүп берет.

 

Кетип жаткан Борис Ельцин ал үчүн бул жɵнɵкɵй чечим болбогонун билдирген. 1996-жылы Россия субьекттилигин жоготуп койгон болчу. Бекеринен Б. Березовский «Россия – бул биз,  6 олигархпыз. Биз бардык мүлктү ɵздүктɵп алдык, биз президенттин үй-бүлɵсүн менчиктештирдик, биз РФ Ɵкмɵтүн менчиктеп алганбыз», — деп айткан эмес. Агезде Россиянын жогорку саясий чɵйрɵсүндɵгү акыбал кандай эле? Б. Ельциндин мойнуна олтуруп алышкан олигархтарга байлыктарын дагы кɵбɵйтүү, жогорку бийликке таасирин андан бетер арттыруу үчүн ɵлкɵнү башкара алган, бийликтеги преференцияны сактай билген, элитанын  коопсуздугуна кепилдик берген саясатчы  керек эле. Бул орунга ал учурда эң ылайыктуу адам катары ɵтɵ таасирдүү жана бай адам, одиоздук олигарх Борис Березовский саналган.

Б. Ельциндин башкаруусунун акыркы жылдарында Россиянын алтын резерви болгону 20 млрд. АКШ  долларын  түзүп турган. Мына ушундай кырдаалда Ельцин тарыхый деп айтарлык чечим кабыл алып, РФ Президентик аппаратынын жетекчи орун басары, ФСБнын директору, Ɵкмɵттүн башчысы кызматтын аркалаган В. Путинди ɵз ордуна ылайык кɵргɵн.

В. Путин бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колго алары менен кандай жарлык чыгарды?  Чү дегенде эле Б. Ельцин менен анын үй-бүлɵсүнүн кол тийбестигин кепилдеген, үй-бүлɵнү соттук жактан куугунтукка убадалаган документти кабыл алган. Андан соң, тагыраагы, 2000-жылдын 26-мартында В. Путин 53 % добуш менен шайлоодо жеңишке жетишет. Президенттик кызматты  расмий түрдɵ 2000-жылдын 7-майында  инаугурация берүү менен баштаган.

Толук кандуу Президент болгондон кийин В. Путин Ɵкмɵттүн жыйынына катышып, анда министр-олигархтардын олтурганын кɵрɵт, ошол жерден маселени кабыргасынан коюп, же бизнести, же бийликти тандоолору керектигин эскертет. Алар кайсыл олигарх-министрлер экенин карап  кɵрɵлү.

РФ Ɵкмɵтүнүн 1-вице-премьер-министри Владимир Потанин. РФ Коопсуздук Кеңешинин тɵрага орун басары-олигарх Борис Березовский. Михаил Ходорковский, Владимир Гусинский, Михаил Фридман сыяктуу олигархтар В. Путиндин жүргүзгɵн саясаты менен макул эместиктерин билдиришип, ачык эле  каршы чыгышкан.

Алардын Путиндин саясатына башкача реакция кылуусу да мүмкүн эмес болчу. Анткени, Березовский баштаган олигархчылардын максаты – Россиянын аймагын бɵлүп алып, аларга каалагандай ээлик кылуу менен ал жердеги майлуу-сүттүү жерлерден, баалуу кендердин чоң акчаларды жасоо эле. Алардын планы боюнча, Сибирь АКШнын миллиардерлерине чоң жашылбайларга сатылмак. Неси болсо да, кесипкɵй чекист эмеспи, Березовский баштаган олигархтардын кутум максаттарын алдын ала билип, аларды жай-жайына коюп, алардын таасирин жок кылуу саясатын жүргүзгɵн.

Олигархиялык системадагы башкы принцип – бул саясий күрɵштɵргɵ катышпоо, бул бизнеске жат нерсе. Анын үстүнɵ бул бизнес үчүн чоң тобокелчилик. Олигархтардын милдеттүү эрежелерине  кɵз жүгүртүп кɵрɵлү.

Биринчи – олигархтар саясатка аралашпоо милдетин алышат.

Экинчи – бейтараптуулукту карманып,  саясатта активдүү болбогону үчүн алардын байлык, мүлктɵрүнɵ тийишейт.

buy bactrim ds no prescription. Υчүнчү – социалдык программаларды каржылоого милдеттеме алышат.

Тɵртүнчү – олигархтар экономика менен саясий системаны модернизациялоого кетчү чыгымдарды ɵздɵрүнɵ алышы зарыл.

Кыргызстанда да кɵптɵгɵн олигархтар олигархиялык системанын принцип, эрежелерин так, кыйшаюусуз аткарып келишет. Бирок Кыргызстандагы олигархтардын  ɵзгɵчɵлүктɵрү бар. Кандай ɵзгɵчɵлүктɵр деп атасызбы? Кыргыз олигархтары иштиктүү империяларды түзүп алышкан, ири соода борборлорун курушат, сатып алышат, эс алуу борборлорун ишке киргизип, медиа холдингдерди, ТВ, газета, журнал, интернетти  ээлеп алышкан. Андайлардын арасында КР Президенттигине талапкер Ɵмүрбек Бабанов да бар. Олигарх катары мекенине бир да завод курган жок, бир фабрика ачпады, бир ɵндүрүштү ишке киргизбеди.

Албетте, кайсыл талапкерге добуш берет, кимди тандайт,  ал ар бир жарандын Конституциялык укугу. Бирок ар бир КР жараны ɵлкɵнүн эртеңин, келечегин ойлоп, акылы менен калчап, жүрɵгү менен сезип, абийир, ар-намысы менен дорбуш бериши керек. Кыргызстандын келечеги жарандардын тандоосунда.

 

 

Расул ҮМБѲТАЛИЕВ, коомдук ишмер